Сахалинде чатыры кулаган заводдон дагы бир Кыргыз жаранынын сөөгү табылды

Орусиянын Сахалин облусундагы чатыры кулаган заводдун урандыларынын алдынан дагы бир Кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Сахалин облусундагы Кыргыз диаспорасынын төрагасы Эшимбек Толбаев билдирди.

"Изделип жаткан мекендешибиздин сөөгү бүгүн, 20-августта саат 16:30 чамасында табылды. Каза болгон эки мекендешибиз Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары болгону аныкталды. Ал эми ооруканадагы жарандарыбыздын абалы канааттандырарлык. Маркумдардын сөөгүн бейшемби күнү жөнөтөлү деп жатабыз. Ага чейин документтерин топтошубуз керек", - деди Толбаев.

Эске салсак, кырсык 19-август күнү күндүз Орусиянын Сахалин облусундагы Поронайск районунда болгон. Анда 10 Кыргыз жараны иштеп жаткан эски заводдун чатыры түшүп кетип бир Кыргыз жараны каза болуп, 5 адам жаракат алган. Ал эми кырсыктан Тажикстандын бир жараны да каза болгону айтылган.


кошулду
Сахалиндеги заводдун чатыры кулап эки Кыргыз жараны каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
grace
2018-08-20 19:49:18
Жандары жаннатта болсун ылайым. Кайран жигиттер...
+4
monster_high_98
2018-08-20 20:09:47
Тируу чыгып калсынчы деп умуттондум элее,эх,,жаткан жери жайлуу болсун
+2
Benazir08
2018-08-20 20:20:02
Озу болбой эле калган зданияны ондоп баштаган экен да
+2
patiydin
2018-08-20 20:23:12
Кыргызым! Ушундай каргашалуу кундон коп болуп жатат. Ушундай каргашалуу кундор кимди башында бар, билбей эч Ким. Ошонун учун сразу счёт ачкылачы жардам бергиси келген кыргыз конулон чыккан акча которсун. Себеби ортодо эч Ким жей албайт. Ошол Кыргыздын соогун Кыргыздын тууган уруугуна оору тушпосун. Оз уйууно жеткирели. Мамлекеттен умутубуз жок Эми.
+2
MARAT.OZGON
2018-08-20 22:26:06
Эх кайран жигит досум жаткан жерин жайлуу болсун бул олумдон качып кутула албайбыз!
+1
VIP_
2018-08-21 06:27:12
MARAT.OZGON, Озгондун кайеринен экен?
0
Attila88
2018-08-21 10:14:00
VIP_,лелин жолдон
0
BTFB93
2018-08-21 23:18:37
VIP_,зергер Айылдан окмотунун кут турган айылынан болот бир уйдон учоо ошол жерде болгон ээн чон агасы каза болуптур эки иниси биринин колу узулуп кетиптир дагы бири башынан катуу трамва алган байкуш аяш инилерим ай. Уккандан бери озумо келе албай ыйлап жатам. Эжеси классташым эле он кун да боло элек кесорнво болуп торогон. Апасы да кайтыш болуп кетти эле. Кудайым ай мынча азап бербесен эмне. Байкуш аяш атамдын абалы кантип жатты экен ай. Жаратканым бейишин берсе экен.
0
BTFB93
2018-08-21 23:21:29
VIP_,Болгон уулдарынын баарын мынтип бир кундо кырсык басып биринен ажырап, дагы экоо ажал мн алышып жатат. Мынчалык азапты бербесен эмне жаратканым ай.
0
Romantik.
2018-08-20 22:55:43
Ичинде эмне иш кылып жатышыптыр эле?
-2
Bekovich76
2018-08-21 00:04:53
Жандары жаннаттан болсун
+1
Dilbaranurdinova
2018-08-21 00:26:37
Талаада кырыла турган болдук Кыргызым ааай)
+1
Meni_unut
2018-08-21 01:53:20
Неге мындай болуп жатабыз Кыргызым акыркы кундору((((Жайлары жанаттан болсун((((
+1
AKCAHAT
2018-08-21 12:50:56
Meni_unut,пейил бузулду, кадрам сайын талап тоноо, алдамчылык, зынаа жо айтпай койсом да болот.
0
Attila88
2018-08-21 10:12:58
эхх.жаман болду.мен да сахалинде иштейм.кыргызстанга эсен аман жетуу насип этсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан