Орусиянын Сахалин облусундагы Поронайск районунда жайгашкан эски заводдун чатыры түшүп кетип бир Кыргыз жараны каза болуп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Орусиянын куткаруу кызматтарына таянып орусиялык ЖМКлар жазууда.
Андагы маалыматка таянсак, жеке ишкер кагаз чыгарган заводду оңдоодон өткөрүү үчүн 19-августта 10 Кыргыз жаранын иштетип жаткан. Жумуш учурунда заводдун чатыры түшүп кетип, бир адам каза болуп, беш адам жаракат алган. Ал эми эки жаран аман калган болсо, дагы эки адамдын абалы белгисиз болуп жатат.
Факты боюнча Орусиянын мыйзамдарына ылайык, кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Ал эми заводдун чатырынын дагы башка бөлүгү кулап кетүү коркунучу жаралгандыктан уранды астында калган эки Кыргыз жаранын издөө иштери убактылуу токтотулганы кабарланды.