Ферганада 7-класстын окуучусунун 5 айлык кош бойлуу экени аныкталып, жергиликтүү бийликтин тапшырмасы менен боюнан түшүртүшкөн

Өзбекстандын Фергана облусунда 7-класстын окуучусу 5 айлык кош бойлуу экендиги аныкталып, акушер-гинекологдор анын боюнан түшүрүшкөн. Окуя май айында болгонун Азаттыктын өзбек кызматы жазган.

Маалыматта жазылгандай, акушер-гинекологдорго жергиликтүү бийликтен тапшырма келгенден кийин алар баланы кыздын боюнан алышкан. Өспүрүмдүн кош бойлуу экендигин мугалимдери билип калышып, Бешкарык райондук инспекторго кабарлашкан. Мугалимдер окуучу кыз окууга көп келбей калгандыктан анын үйүнө барып, шарты менен таанышууга аргасыз болушкан. Райондук ички иштер бөлүмүнүн профилактика боюнча инспектору, мектеп директору жана класс жетекчиси 7-класс кызга аборт жасатуу маселесин талкуулашкан. Бирок элдин астында уят болуп калуудан чочулап бойдон түшүрүүгө тоскоолдуктарды көрсөткөн. Анткени менен акушер-гинекологдор кыз жашаган үйгө барып, ага бойдон түшүрүүчү каражаттарды беришкен. Бешкарык райондук акимчилиги буга күнөөлүүлөр мыйзам алдында жооп бере турганын билдирген.

Учурда кыздын 39 жаштагы апасы камакта жатат. Ал притон кармоого, андан тышкары төрт эркек 14 жашка чыга элек кызды зордуктоого айыпталууда. Кыздын "иретсиз" интимдик катышта болуп жүргөнү да белгилүү болгон.

Ферганада кош бойлуу окуучуну жергиликтүү бийликтин тапшырмасы менен бойдон түшүртүшкөн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bakyi
2018-08-21 08:40:35
Курман айтыңыздар маарек болсун!
Урматтуу супер инфо бүгүн ушундай кабарларды чыгарбай эле турсаңар!
+14
meni_kut
2018-08-21 09:32:01
Тем более озбекстан экен,не кереги бар
+6
muni.98-98
2018-08-21 09:44:23
Эртен чыгарса бул жанылык качан чыккан артта калтасынар десек керек.
0
Farra16gsin
2018-08-21 10:48:40
Супер ушуну бугун чыгарбай койсонор болмок силерге бан!
+6
Kgda
2018-08-21 12:17:24
Притон деген не деген нерсе?
+3
sarbo
2018-08-21 14:01:24
Kgda, кылмышкерлер топтолуучу жай же уй, там б.а "ТОЧКА"
+1
guliz7251
2018-08-21 13:18:31
Жаратканым ар кимге ынсап,ыйман берсин, жаш кыздын келечегине балта чапкандар мыйзамдуу турдо жазаланышы шарт
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан