АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен экинчи ирет жолугушуу ниетин билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен экинчи ирет жолугушуу ниетинде. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Трамптын ЖМКлардын бирине берген маегине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Буга чейин ушул жылдын 12-июнунда аталган эки лидердин жолугушуусу Сингапурда орун алган.

Трамп экинчи ирет жолугушуу ниети бар экенин билдирип, бирок ал тууралуу кошумча маалымат берүүдөн баш тарткан. Ал Ким Чен Ын менен жагымдуу жеке мамиледе экенин кошумчалаган. "Мен Түндүк Кореянын өзөктүк куралды сыноолорун токтоттум. Япония абдан кубанычта. Мындан ары кандай болот байкап турабыз" деген АКШ лидери.

Ким Чен Ын менен жолугушуу ниети бар экенин Орусиянын президенти Владимир Путин да билдирген болчу. Ал да Корей жарым аралындагы абалды талкуулоо ниети бар экенин айткан.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын Сингапурдагы жолугушуусунда Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан баш тартуу маселеси жана Корей жарым аралындагы коопсуздук тууралуу сүйлөшүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meni_kut
2018-08-21 09:38:57
Дагы бузбаса экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан