Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында кыз-келдиндер арасындагы мелдеште Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы жарым финалда атаандаштарына утулуп калды. Эми алар коло медаль үчүн күрөшөт.
Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, жарым финалда 2014-жылы Инчондо өткөн Жайкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Азиянын 2 жолку чемпиону кытайлык Жоу Фенг менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Жуманазарова 2 упайга ээ болгону менен анын атаандашы 9 упай топтоп, беттештин соңуна 1 мүнөт калганда Жоу Фенг алдын ала жеңишке жетти.
Муну менен кытайлык балбан финалга чыкса, Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт.
Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, жарым финалда япониялык Хирои Миногавага туш келди. Беттештин жүрүшүндө Медет кызы 1 упайга ээ болсо, анын каршылашы 3 упай топтогонго жетишти. Муну менен Хирои Миногава финалга чыкса, Айпери Медет кызы коло медаль күч сынашат.
Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча мелдеште кыргыз балбаныбыз Каныбек Жолчубеков жарым финалда атаандашын кыйынчылыксыз утуп финалга өткөн.