Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын финалына чыкты.
Бүгүн, 21-августта Жакарта шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдеши өтүүдө. Анда кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым финалда казакстандык Майрамбек Айнагулов менен кез келди. Жолчубеков алгачкы мүнөттө эле 9 упай топтоп атаандашын утуп алды.
Бул жеңиш менен Каныбек Жолчубеков Жайкы Азия оюндарынын финалына чыкты.