Кыргыз суучулу Денис Петрашов Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын сууда сүзүү боюнча мелдешинде 5-орунга ээ болду.
Бүгүн, 21-августта сууда сүзүү боюнча мелдеш уланып, 7 медалдар топтому ойнотулду. Анда 200 метр аралыктагы брасс стилиндеги жарыштын финалында кыргыз суучулу Денис Петрашов 2 мүнөт 12,19 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 5-орунду ээледи.
Денис Петрашов жарыштын тандап алуу этабында 2 мүнөт 12,89 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 3-орунду ээлеген болчу.