Уфада 200дөн ашык жүргүнчүсү менен абага көтөрүлгөн учактын кыймылдаткычынан өрт чыкты

Башкортостандын Уфа шаарында жүргүнчү ташыган учак абага көтөрүлгөн соң кыймылдаткычынан өрт чыгып, кайра конууга аргасыз болду. Анын ичинде жалпы 202 жүргүнчү болгон. Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, учак Уфа шаарынан Сочи шаарына 22-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:06да сапар алган. Бирок абага көтөрүлгөндө сол кыймылдаткычынан өрт чыгып кеткен.

ТУ-204 учагына ээлик кылган "Ред Вингс" компаниясы андан эч ким жаракат албаганын, жүргүнчүлөр менен психологдор иш алып барып жатышканын кабарлады.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jalguzum
2018-08-22 09:28:52
Аллахым сактаптыр
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан