Бишкекке жакын жерде жол кырсыгы катталып, 2 адам жаракат алды. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсык 21-август күнү саат 21:00 чамасында ГЭС-5 районундагы Калинин көчөсүндө катталган. Анда Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдо баратып бакты сүзүп алган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, Тойотанын айдоочусу алдынан чыга калган унаадан качам деп жатып, рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын күбөлөрү унаанын ичиндеги 2 жабырлануучуну алып чыгышып, ооруканага жиберишкен. Азыркы тапта териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти башкармалыктан.