Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайдын жанында жайгашкан Алтын-Казык конушунун тургундары таштандыдан ууланып жатышканын айтып нараазы болушууда. Анткени таштандыдан чыккан түтүн жана ар кандай жыттар жашоочулардын ден соолугуна зыянын тийгизип, кичинекей балдарда өпкө оорулары байкалганын билдиришти. Бир канча үй-бүлө аталган конушта бир нече жылдан бери тиричилик кылып келишет. Шарты начар болгонуна карабай, калктын саны көбөйгөнү көбөйгөн. Барарга жери, башка жактан жер алып, үй салууга шарты жок. Ушунча үй-бүлө учурда же каттоодо жок, же саны белгисиз, айтор туңгуюкта күн кечиришүүдө.
Аталган конуштагы абалды билүү үчүн SUPER TV жерине барып кайтты.
Алтын-Казык конушунун жашоочусу Барчын Кадырова таштанды полигонунан чыккан жыттын кесепетинен түнкүсүн балдарынын бетин чүпүрөк менен жаап жатабыз дейт.
“Бул жакта жашаганыма 4 жыл болду. Буга чейин Ак-Ордо конушунда турчумун. Ар кайсы жерде батирлеп жүргөндөн тажап, бул жактын сасыганына карабай отурукташтык. Кечинде жатканда балдардын бетин даки менен жаап жаткырам. Анткени ыш сасып, өпкөбүз ышка толуп калууда. Түнкү саат 10-12де түтүндөн айыл ичи көрүнбөй калат. Мындан тышкары иттин өлүктөрү каңырсып сасыйт”, - дейт тургун.
Конуштун жашоочулары түтүндүн жытынан сыртка чыга албай калышканын жана ооруканага барышса кургак учуктун биринчи белгилери байкалып жатканын аталган конуштун тургуну Арзыкан Кулушева билдирди. Мындан тышкары таштандыдан чыккан келемиштер үйлөрүнө чейин кирип жатканын айтты.
“Эшикке чыгып оокат кылууга мүмкүн эмес. Түтүн каптаганда дем ала албай калабыз. Ооруканага балдарыбызды алып барсак, кургак учуктун биринчи белгилери байкалып жатканын дарыгерлер айтышты. Мындан тышкары таштандыдан чыккан келемиштер үйүбүзгө чейин кирет. Ар бир үйгө кирсеңер келемиштин коргоолдорун көрөсүңөр. Келемиш балдар уктап жатканда кол салганга чейин барат. Балдарыбыздын бетин жеп койбосун деп түнү менен карап чыгабыз. Анткени келемиш тиштегенде адам сезбейт деле экен”.
Таштандыдан чыккан жытка чыдабай кээ бир жашоочулар үйлөрүн таштап башка жакка көчүп кетишкен. Алардын ээн калган үйлөрүнө селсаяктар кирип жашап алышкан. Тургундардын айтымында, чоочун, үй-жайсыз адамдардан балдарды кайтарып жүрүшөт. Жакын арада эле опурталдуу окуя болгон. Бир бейтааныш адам 4 жаштагы кызды ээн үйгө кир деп колунан сүйрөп жатканын тургундар көрүп калып, кызды куткарып, бейтааныш кишини качырып жиберишкен.
Конушта жашаган балдардын мектепке баруусу да абдан кооптуу. Себеби жол алыс. Мектеп менен үйдүн ортосундагы жолдо балдардын коопсуздугу үчүн эч ким жооп бербеси бышык. Алтын-Казык конушунун жашоочусу Жийдекан Рыскелдиеванын айтуусунда баласы мектепке бара жатканда чоң балдар орто жолдон кармап алып, акча талап кылып, 3 ирет ур-токмокко алышкан.
“2-класс окуган балам мектепке баратып 3 жолу чоң балдардан токмок жеди. Эми окуу жакындап калды балам мектепке барбайм деп чыр салууда. Анткени бизде мектеп жок болгондугуна байланыштуу Калыс-Ордо конушундагы мектепке барып окушат. Ал жакка баруу үчүн чоң суунун аркы өйүзүнө өтүшөт. Өткөндө келиним да ошол суудан өтүп баратса балдар кармап алып сумкасындагы болгон акчасын алып коюшуптур. Келиним бербейм десе сууга чөктүрүп өлтүрүп коёбуз деп коркутушуптур. Бишкек мэриясы Алтын-Казык конушуна тартип сакчы пунктун коюп берсе абдан жакшы болмок”, - дейт Рыскелдиева.
Учурда Алтын-Казык конушунда миңге жакын түтүн жашайт. Таштанды төгүлүүчү полигондун жанына турак жай салууга уруксат берилгенби же жокпу билүү үчүн Бишкек шаардык архитектура башкармалыгына кайрылдык. Аталган башкармалыктын башчысынын орун басары Болот Усубалиев Бишкек шаардык мэриясында Алтын-Казык конушу катталган эмес деп жооп берди:
“Бул жерди жашоочулар эч кандай уруксаты жок эле басып алышкан. Мыйзамдын негизинде турак жайлар санитардык аймактан 500 метр алыс жайгашышы керек. Ал жактагы жашоочулардын биринин да турак жайынын Кызыл китеби жок. Ал жер атайын таштанды таштоочу жай катары калк жайгашканга чейин эле бөлүнгөн. Тиричилик кылууга, калк жайгашууга бул тилкенин санитариясы жооп бербейт”.
Бишкектеги таштанды төгүүчү жай 1970-жылы ишке кирген. Күнүнө 600 тонна таштанды ташылып келет. Ал эми иттердин өлүгү тазалык кызматкерлери тарабынан дароо өрттөлүп жок кылынарын Бишкек шаардык таштанды полигонунун башчысы Руслан Намазов билдирди.
Албетте, жерлерди мыйзамсыз басып алып, өмүрлөрүн тобокелге салып, таштандыга канатташ жайгашып алган элде да күнөө бар. Бирок ушунча үй-бүлөнү бала-бакырасы менен талаалатып, ден соолуктарына зыян тарттырбай, өз жарандарын камкордукка алган мамлекет катары өкмөт кайсы бир жерге жайгаштырышы керек беле?