Жайкы Азия оюндары: Балбан Самат Шырдаков чейрек финалга өттү

Кыргыз балбаны Самат Шырдаков Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдештин чейрек финалына аттанды.

Самат Шырдаков аталган мелдеште 87 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда. Жарым чейрек финалда ал индонезиялык Лулут Гиланг менен кездешмек. Бирок индонезиялык балбан килем үстүнө чыкпаганы үчүн жеңиш Самат Шырдаковго ыйгарылды.

Муну менен Самат Шырдаков мелдештин чейрек финалына аттанды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kg_emilbekov
2018-08-22 13:04:28
жакшыго бекер жениш
+1
Mikaaa
2018-08-22 13:08:45
Неге чыкпады ал
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан