Кыргыз балбаны Самат Шырдаков Жайкы Азия оюндарында 7-орунга ээ болду

Бүгүн, 22-августта Индонезиянын Жакарта шаарында Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдештери орун алууда.

Анда 87 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Самат Шырдаков катышты. Самат Шырдаков жарым чейрек финалда индонезиялык балбанды утуп, чейрек финалда өзбекстандык Рустам Ассакаловдон жеңилип калган. Өзбек балбаны финалга өткөнү үчүн, Самат Шырдаков көңүл жубатуучу раундда күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды. Анда Шырдаков казакстандык Азамат Кистубаев менен күч сынашып, тилекке каршы, 3:1 эсеби менен утулуп калды.

Муну менен Азамат Кистубаев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алса, Шырдаков мелдештен четтеп, 7-орунду ээлеп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан