Кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдешинде коло медалдын ээси болду.
Бүгүн, 22-августта Жакарта шаарында Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдештери уланууда. Анда 97 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Үзүр Жусупбеков катышты. Ал жарым финалда кытайлык балбандан жеңилип, коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды. Анда ал өзбекстандык Жахонгир Турдиев менен беттешип, аны 2:0 эсебинде утуп алды.
Муну менен Үзүр Жусупбеков коло медалдын ээси болуп Кыргыздын капчыгына 9-медалды алып келди.
Буга чейин Кыргыз капчыгына күмүш медалдарды балбандар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков жана Акжол Махмудов алып келишкен. Коло медалдарды балбандар Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Амантур Исмаилов, оор атлетчи Иззат Артыков алып келген.