Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууду. Ал SUPER.KG порталына аталган инспекциядагы коррупционер кызматкерлер менен алышып отуруп мамлекеттик кызматка кайтып келбес беренеси менен иштен айдалганын айтып берди.
"Инспекция коррупциянын сазына чөгүп бара жатат, карап туруп андайга жол бере алган жокмун. Мен коррупцияга бөгөт коюу боюнча маселени кечээ же бүгүн эле көтөрүп чыккан жокмун. Бир топ убакыттан бери эле инспекциядагы акча каражаттарынын олку-солку пайдаланышы, биздеги кадр саясатынын соодалашууга өтүп кеткенине күбө болуп, жетекчиликке бир нече жолу кайрылгам. Бирок бул демилгем дайыма эле көз жаздымда калып келген. 11-июль күнү кеңсенин ичинде баарыбыз таза иштейли деген акция уюштуруп, плакат көтөрүп чыгып, инспекциядагы кызматкерлерди дагы чакыргам. Ошол күндөн тарта мага кысым көрсөтүлө баштады. Коллегиялык жыйындарда мени опузалап, "эмнеге акция уюштурдуң?" деген суроолорду узатышты. Мен президентибиз Сооронбай Жээнбековдун коррупционерлердин атын атагыла деген чакырыгын колдоо максатында уюштурганымды айттым. Мамлекеттик кызматта иштегенден кийин коррупцияны жоюуну өзүбүздөн баштайлы дегем", - дейт Мамбеталиева.
Анара Мамбеталиева 3 жылдан бери инспекцияда маалымат катчы болуп иштеп келген. Бирок ал ооруканада жатканда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүктүн 7-пунктунун (мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу) негизинде иштен алынганын айтып, буларга токтолду.
"Мен ооруканада дарыланып жатканда инспекциядагы кызматкерлер "сени мамлекеттик ишке кайтып келбес беренеси менен иштен кетирип жатат" деп айтышты. Мындай билдирүүнү уккандан кийин жумушка келип кадр башчысынан, директордун орун басарынан, жардамчысынан конкреттүү жооп ала алган жокмун. Тагыраагы, комиссиянын чечими кандай болду, протокол кандай түзүлгөнүн билбейм. 3 жылдан бери ушул кызматты аркалап келем. Мындай чечимди кабыл аларда алар балдарымды жалгыз тарбиялап жатканымды дагы эске алышкан жок.
Ким коррупциялык схема менен иштеп жатканын жакшы билем, менде далилдер бар. Бирок ким экенин балп этип айтып чыга албайм. Анткени өмүрүмө коркунуч жаралып, ден соолугума дагы залакасын тийгизүүдө. Эгер укук коргоо органдары менин коопсуздугумду коргоого кепилдик берсе, анда кайсы объектилердин артында ким турганын, кандай коррупциялык схемалар бар экенин далилдеп айтып бере алам", - деди ал.
Ал эми экинчи тараптын пикирин угуу аракеттерин көрүп, бирок жооп ала алган жокпуз. SUPER.KG порталы аталган мекеменин пикирин угуп, жарыялоого даяр.