Жаңы Зеландиялык боксчу Люси Браун машыгуу учурунда жеген соккудан улам көз жумган. Чет элдик маалымат булактардын жазып чыкканына таянсак, 31 жаштагы спортчу машыгуу учурунда башына сокку жеген. Браун алгач өзүн жакшы сезип машыгуусун уланткан, бирок көп өтпөй анын абалы начарлап кеткен.
Дароо ооруканага жеткирилген мушкер бир нече күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, 22-августта көз жумган.
Люси Браунга дарыгерлер 2011-жылы рак диагнозун коюшкан. Бирок ал ооруну ийгиликтүү жеңип 2014-жылдан тарта бокс менен машыга баштаган. Ал Австралияда өткөн "Алтын мээлей" турнирине катышкан.