Компьютер оюндарынан реалдуу жашоого кирген квест оюну Кыргыз өлкөсүндө популярдуу болууда

Азыркы тапта Бишкекте популярдуу болуп көптөгөн жерлерге ачылып баштаган квест оюнуна кызыккан адамдардын саны арбын. Квест башында ар кандай окуялар менен коштолгон компьютердик оюн болгон. Анда оюнчу виртуалдуу дүйнөдө өзүнө бир каарманды тандап, берилген тапшырманы аткаруу үчүн көптөгөн тоскоолдуктардан өтөт.

Виртуалдуу жашоодон реалдуу жашоого өтүп, көпчүлүктү кызыктырган квест оюнунун азыркы тапта түрлөрү көп. Реалдуу квестте бир эмес, бир нече адам топ болуп ойной алат. Оюнчулардын алдына максат коюлат жана ага жетүү үчүн оюнчулар ар кандай тоскоолдуктардан өтүп, маселелерди чечишет.

Квест атайын жабдылган имараттын ичинде өтүп, анда атайын актёрлор дагы катышат. Квест өтүүчү жай кандай багытта жасалса ошого жараша тапшырмалар берилет. Мисалы, бирөөнүн өлүмүн изилдөө, кайсы бир сырды ачуу, акча уурдоо жана башка. Оюндун ар бир катышуучусу өзүнчө ролго ээ болот. Кээ бир учурда роль менен бирге эле топтун кызыкчылыгына туура келбеген ар кандай тапшырмалар берилип, бир гана адамдын жеңишке жетүүсү каралган. Оюндун жыйынтыгы толугу менен катышуучулардан көз каранды.

Бишкекте учурда бир нече квест оюндары бар. Алар багыты жана оюн акысы боюнча айырмаланып турушат. Баалар 5 кишиден турган топ үчүн 1000 сомдон өйдө турат. Оюндун убактысы оюндун жүрүшүнө жараша болот.

Кардарларды коркунучтуу окуяларга бай квесттер көп кызыктырат дейт квест оюндарын уюштурган Илья Никитин.

"Борбор калаада квест оюну кеңири жайылып жаткан убагы. Кызмат көрсөтүү менен бирге эле жакшы киреше табууга болот. Оюндун негизги өзөгүн андагы окуянын сценарийи түзөт. Сценарий канча кызыктуу болсо, оюнчулар да ага берилип реалдуу болуп жаткандай кабылдай башташат. Ошондой эле оюн жүрүп жаткан бөлмөлөрдүн жасалгаланышы, актёрлордун чеберчилиги дагы мааниге ээ", - деп билдирди Никитин.

Катышуучу оюнду каалаган учурда токтото алат. Администраторлор ар бир бөлмөгө орнотулган камера аркылуу оюнчулардын абалына назар салып турушат.

Оюнду уюштурууда эң негизгиси имаратты таап, аны тематикага жараша чыныгы атмосфераны жаратчудай кылып жасалгалоо зарыл.

"Бөлмөлөрдү сценарийге карата жасалгалоо өтө деле татаал эмес. Ал үчүн негизинен ар бир үйдүн чатырында чаң басып жаткан эски буюмдар жарай берет. Айрым учурда атайын темир эшиктерди же маникендерди сатып алууга же жасатууга туура келет. Бул жерде бир гана фантазияны иштетүү керек", - дейт квест оюнунун жетекчиси.

Ал эми психологдордун айтымында, коркунучтуу окуялар менен коштолгон квесттер адамдын психикасына доо кетириши мүмкүн экенин айтат.

"Адам квест сыяктуу оюндарды ойноодо этият болуусу шарт. Анткени ал жакта күтүлбөгөн коркунучтуу учурлар болот. Ошол маалда адам катуу коркуп психикалык ооруларга да чалдыгып калышы мүмкүн. Оюн жүрүп жаткан мезгилде адам бул оюн экенин эстен чыгарбашы керек. Өтө сезимтал адамдарга бул оюнду ойногонду сунуштабайт элем", - дейт психолог Нуржан Ибраева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
almanbetperm
2018-08-23 18:53:52
Бишкекте эми популярдуу болуп атса тан калбайм деле, 5 жыл мурда ойногом,эч кандай ощущение деле болгон эмес
+1
baisogur
2018-08-23 19:53:51
10жыл мурунку дом страха эч кандай коркуу сезим болгон эмес
+1
CEO1
2018-08-23 21:56:02
Бекерчилердин оюну болсо керек, бош отургуча айранга нан туурап ичели дегенден...
+1
tular
2018-08-24 05:58:21
Андан коро субботникке чык айлана чойрону тазала, сооп да табасын, ден соолукка да пайдалуу!!!
-1
Mavlyuda
2018-08-24 08:01:05
Иши жок ит сугарат деген кеп. Батыштын таасири бул дагы. Жүрөгү алсыздар жан бериши да мүмкүн мындай жерде. Мындай оюндардын адамга терс таасиринен башка эч кандай пайдасы жок. Оюнга катышуучулардын кан басымын, жүрөгүнүн абалын текшерип киргизүү керек. Жаштар бирибирине азгырылып кирип ойноп улуттун саламаттыгынын бузулушуна аз да болсо себеп болуп жатышат. Уюштуруучуларга айып пул салынышы керек. Мамлекеттик көзөмөлдөө болушу керек деп ойлойм
+1
Saidochka
2018-08-24 12:24:47
Ушуну эмнеси жакшы,тушунбойм.Андан Коро озуно пайда алып Келе турган иш кыл.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан