ЖЫЛНААМА, 23-АВГУСТ: "Оскар" сыйлыгына татыган АКШнын легендарлуу баскетболчусу Коби Брайант 40 жашка чыкты

Бүгүн, 23-августта америкалык профессионалдуу баскетболчу, АКШнын улуттук курама командасынын жана "Лос-Анжелес Лейкерс" клубунун легендарлуу коргоочусу Коби Бин Брайант 40 жашка чыкты. Ал 1978-жылы 23-августта АКШнын Филадельфия шаарында төрөлгөн.

Коби Брайант Олимпиаданын 2 жолку ("Бээжин-2008", "Лондон-2012") жана УБАнын 5 жолку чемпиону (2000, 2001, 2002, 2009, 2010).

Карьера

Алгач 1996-жылы "Шарлотт Хорнетс" командасына коргоочу катары тандап алынып 13-номерде ойной баштаган.

Окуусун аяктап дароо Улуттук баскетбол ассоциациясына кабыл алынып, карьерасын түптөй баштаган. Беш жолу чемпион титулуна ээ болуп, 18 жолу символдук команданын мелдешине катышып, улуттук кураманын символдук командасына кирген жана 12 жолу символдук коргоочу кураманын тизмесине катталган.

АКШнын улуттук курама командасынын курамында олимпиадалык оюндарда 2 жолу алтынды жеңип, ошондой эле АКШнын чемпиондугун утуп алган.

2016-жылы 14-апрелде акыркы жолу "Юта" командасына каршы беттеште 60 упай топтоо менен АКШнын Улуттук баскетбол ассоциациясындагы 20 сезондук карьерасын жыйынтыктаган.

2017-жылы апрелде жарык көргөн Коби Брайанттын продюсерлиги менен режиссёр Глен Киндин тарткан "Дорогой баскетбол" аттуу тасмасы 2018-жылы "Эң мыкты анимациялык кыска метраждуу тасма" номинациясы менен "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон.

2013-жылы сол бутунан оор жаракат алып, ал 2016-жылы бутун кестирүү коркунучу жаралган, бирок баскетболчу карьерасын жыйынтыктап, дарылануусун уланта берген.

2018-жылдын 22-августунда "Лос-Анжелес Лейкерс" лигасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жефф Кватинец Коби Брайант "BIG3" лигасында ойнойт деген билдирүүсүн тараткан.

Эске салсак, 2017-жылы "Бостон Селтикстин" мурдагы оюнчусу Пол Пирс легендарлуу коргоочу Коби Брайант жана Кевин Гарнетт менен биргелешип "BIG3" лигасында команда түзүүнү пландап жатканын айткан.

"Big3" - улуттук баскетбол ассоциациясынын мурдагы оюнчулары катышкан америкалык баскетболдук лига.

Аталган лига ишкер Жефф Кватинец жана америкалык рэпер О’Ши Жексон тарабынан түзүлгөн.

Баскетболчу өзү "Милан" футболдук клубунун колдоочусу. 13 жыл Италияда жашагандыктан жергиликтүү элдин тилинде эркин баарлаша алат.

Коби Брайант 2003-жылы мейманкананын кызматкери Кателин Фаберди зордуктады деп шектелген, бирок жабырлануучу ага каршы көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Жеке жашоосу

2001-жылы 18-апрелде 19 жаштагы мексикалык бийчи Ванесса Лэйнге ата-энеси, жакындарынын каршылыгына карабай үйлөнгөн. Алардын үлпөт тоюна түгөйлөрдүн ата-энеси, бир туугандары, достору, жадакалса Брайанттын командадагы достору да келген эмес.

2003-жылы 19-январда Наталия Даймэнт Брайант аттуу кыздуу болушкан.

Экинчи кызы Жианна Мария-Оноре Брайант 2006-жылы 1-майда жарык дүйнөгө келген. Ал эми ошол эле жылы 5-декабрда дагы бир кыздуу болуп, ага Бьянка Белла Брайант деген ысым ыйгарышкан.

23-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан