Талас. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жумуш орундары менен камсыздалышты
Бүгүн Талас шаарында “Бири-бирибизге чогуу жардамдашабыз” долбоорунун
алкагында “Биргелешүү союзу” коомдук бирикмеси уюштурган тигүү цехинин жана жүн
менен иштөө цехинин ачылышы болуп өттү. Өндүрүштүк цехтин ишине мүмкүнчүлүгү
чектелген жана турмуштун татаал кырдаалдарына тушуккан 30 адам кабыл алынып,
атайын үйрөтүлүп жана өз алдынча жардам топторуна бөлүнүшкөн. Тигүү цехи үчүн кездемелер
сатылып алынган. Долбоордун катышуучулары келечекте кийиз жасоо үчүн кайтарымсыз
негизде жүндү жеткирип берүүгө айрым фермердик чарбалар менен келишимдер түзүлдү.