Өзбекстандын телеканалдарында экс-президент Ислам Каримовдун ысымын атоого тыюу салынды

Өзбекстандын телеканалдарында өлкөнү 27 жыл башкарган экс-президент Ислам Каримовдун ысымын атоого тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өзбекстандык телеканалдардын жетекчилерине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мындай тыюу Өзбекстан улуттук телерадиокомпаниясынын курамындагы бардык телеканалдарга карата киргизилген.

"Аталган тапшырманы президент Шавкат Мирзийоевдин кеңешчиси Хайриддин Султанов берген. Ислам Каримовдун эфир учурунда атын атабоону телеканал кызматкерлери "сунуш" эмес "буйрук" деп түшүндүрүшүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, жыл башынан бери эле телеканалдарга Каримовдун эмес, учурдагы президент Мирзийоевдин ысымын көп айтуу тапшырмасы берилген", - деп айтылат маалыматта.

Азырынча аталган чектөө боюнча Өзбекстан бийлиги расмий жооп бере элек.

Буга чейин Өзбекстандын университеттеринин биринен Каримовдун китептерин жыйып кетип, кагазды кайра иштетүүгө жибергени айтылган. Ошондой эле экс-президенттин сүрөтү түшүрүлгөн буюмдарга да текшерүү күчөгөнүн чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан.

Ислам Каримов 2016-жылы 3-сентябрда инсульттан каза болгон. Мирзийоев болсо 2003-жылдан бери премьер-министр болуп иштеп, Каримов көз жумгандан кийин президент болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
maks94.kb
2018-08-23 19:26:33
Жаында тарых беттеринде да калбайтко
+4
Miladora
2018-08-23 19:27:59
Бизге да тыюу салып койсо жакшы эле))
+18
Umakg
2018-08-23 19:32:17
Озбекистанда мыйзам иштейт буйрук кылса
+14
monster_high_98
2018-08-23 20:37:03
Билинбей 2жыл отуп кетиптир да ээ!"Биз эчкимден кем эмеспиз,кем болбойбуз дагы"-деп 27жыл башкарып коюптур олкосун.Бизге да олкону бутка тургузган президент келсе экеен.
+20
Meni_unut
2018-08-24 00:24:32
Азыркы президентини сыйлайм!!!Эмне иш кылса дагы татыктуу!!!
+2
Ermekbai
2018-08-24 00:53:01
Жакшыбы жаманбы эч ким аны тарыхтан атын өчүрө албайт. Бул кылгандары туура эмес деп ойлойм.
+5
tular
2018-08-24 05:50:53
Лично мага чын журоктон баары бир озбектерин!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан