ЭЛДИК КАБАР: "Нарын шаарындагы көчөдө люк "заманбап" капкак менен жабылып турат" дейт окурман

"Нарында люк "заманбап" капкак менен жабылыптыр" деген билдирүүсүн окурман "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.

"Нарын шаарынын борборундагы Сагымбай Орозбаков көчөсүндөгү жолдун ортосундагы люкту "заманбап" капкак менен жаап койгон адамдарга таң калдым. Дагы бир унаа келип кырсыкка кабылып, анан башкаларды сактоо максатында бактын бутагын сындырып келип жаап койсо керек. Бул маселеге тиешелүү тараптар көңүл буруп, люкту өзүнүн капкагы менен жаап коёт деген үмүттөмүн", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
RusMos76
2018-08-24 13:47:01
Бечара заманбап жапкычы жок шоопур отуп баратып жаап койсо керек, эмнеси болсо дагы туура кылыптыр.
+10
salimbek87.kg
2018-08-24 13:48:07
Аймактарды өнүктүрүү жылыга ушу люк дагы кирген окшойт э
+11
Jasa
2018-08-24 13:58:21
Шофер молодец ,,осторожна"яма дегени да))
+10
Komrad
2018-08-24 14:24:56
Бак - дарак.
+2
GULZAT.83
2018-08-24 15:06:26
заманбап капкак!...озу биздин кыргыз калк созго чеченда!
+4
Shakek
2018-08-24 15:47:18
Озуну эле эмес элди ойлогон киши жапкан экен заманбап капкакты
+3
talaa11
2018-08-24 16:13:36
Суйунуп ача калса кандай заманбап льюк экен чондорго акыл кирген окшойт депмин
+3
Ermekbai
2018-08-24 16:57:15
Карааап турсаң эл өзүнү өзү багып өзүнө өзү шарт түзүп жашап калдык бийлик барбы жокбу деген ой келет.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан