Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы коррупцияга аралашкан деп 3 кызматкердин атын атады

Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атады. Мамбеталиеванын SUPER.KG'ге билдиргенине ылайык, ал 24-августта президент Жээнбековго видеокайрылуу жолдогон.

Анда: "Урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков, мен 2016-жылдан бери Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматында эмгектенип келдим. 15-август күнү мени мыйзамсыз жумуштан алышты. Себеби буга чейин коррупциялык иштер боюнча бир нече жолу жетекчиликке кирип, коррупцияны жоюш үчүн ар бирибиз күрөшүү керектигин айтып, ураан көтөрүп чыккам.

Урматтуу өлкө башчы, сиз көтөрүп чыккан коррупциялык схеманы жокко чыгарып жана алар менен күрөшүү жарлыгыңызга арка-бел болуп, мен дагы коррупция менен күрөшүүнү чечтим эле. Буга чейин мамлекеттик экотехинспециянын коррупцияга байланышы бар деген кызматкерлердин атын жетекчиликке, тагыраак айтканда, Жолдош Жунушовго санап бергем. Мындан улам ал атайын комиссия түзгөн. Беш адамдан турган комиссия коррупцияга катыштыгы бар делген адамдарды текшерүүгө алган. Андан сырткары мени дагы текшеришкен. Иштеп жаткан комиссиядан маалымат алганымда алар аты аталган адамдардын ишинин таза эместигин айтышкан. Бирок жыйынтыгы так чыкпай акыры мени жумуштан алышты.

Урматтуу өлкө башчы, мен сиздин жарлыгыңызды колдоо менен коррупциялык ишке катыштыгы бар адамдардын бетин ачууга даярмын. Алар Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков, кадр бөлүмүн жетектеген Самат Керимкулов жана финансы-каражат башкармалыгынын жетекчиси Гүлкайыр Жумашова. Мындан сырткары башка да адамдар бар.

Мына ушул кызматкерлер мамлекетке таандык акчалардын баарын туура эмес нукка пайдаланып жаткандыгы боюнча бир гана мен эмес, инспекциядагы бир нече кызматкерлер күбө болуп келет. Буга чейин жалгыз эмес элем, бирок мени берене менен жумуштан алгандан кийин артымдагы мага окшоп жабыр тартып келген инспекторлор ачык айтып чыгуудан коркушту. Урматуу президент, мен атап кеткен адамдардын ишмердүүлүгүн толугу менен текшерүүңүздү өтүнөм. Ошондой эле сизден акыйкат чечим күтөм. Мага коюлган берене алынып, кайра өзүмдүн жумушума иштөөнү суранам. Мен коррупциялык иштерге байланышы бар адамдарга эскертүү берип, бул боюнча иштин аягына чейин чыгам дегенден бери өмүрүмө коркунуч туулуп жатат. Ошондой эле инспекция тарабынан мага катара каралоо дагы болуп жатат. Президент, мен сизден суранарым мени гана эмес, үй-бүлөмө да коркунуч жаралууда. Андыктан өмүрүмдү жана коопсуздугумду коргоп берүүңүздөрдү өтүнөм", - деген ал кайрылуусунда.

Эске салсак, Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан.

Мекеме анын кызматтан бошотулганын төмөнкүдөй түшүндүргөн. "Анара Мамбеталиева инспекциянын имаратында нааразычылык акциясын уюштурган. Мекеменин ичинде митинг өткөрүүгө мыйзам тыюу салгандыктан анын мындай аракети атайын комиссия тарабынан каралып, директор комиссиянын чечиминин негизинде аны 15-августта кызматтан алган", - дешкен Экотехинспекциядан.

SUPER.KG порталы бул боюнча аты аталган кызматкерлердин жана мекеменин пикирин угуп жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Omush94
2018-08-24 20:48:54
Урматтуу админ ушул эже боюнча тес кабар берип тургула президенттибиздин көз караш аркеттин билели
+16
Erik2018
2018-08-24 22:23:21
Omush94, Эмне дешет камашат. Азыр коррупция менен күрөш катуу жүргөн чакта мындайлар камалат. Кылмыш иши козголот.
-9
CEO1
2018-08-24 22:31:10
Erik2018, жомок айтпачы!!! Кайра коррупционерлер бийликке келип жатат...
+6
Bazake
2018-08-24 22:32:06
Erik2018, Президент деле жон койбосо керек. Иш сапардан келип чара корот деп жатат. Териштириш керек. Мумкун бул Кыз жон эле бакылдап жаткандыр
-7
CEO1
2018-08-24 22:40:33
Bazake, сен эмне, Сокенин адвокаты же пресс катчысысынбы эмне?!!

Откондо Соке эл менен жолугат, дужурлор менен эмес деп жаттын эле, Соке именно дужурлору менен жолугуп келди го, эл менен эмес!!! Ошондо 500 сомдон айып салынган эжелер тууралуу Соке укса да, укмаксан болуп койду го?!!

Соке келсе чара корот имиш... Жомок!!!
+5
Bazake
2018-08-25 10:00:54
CEO1,Ал жолугушуу учурунда президентти подстава кылган Атамбаевдин адамдары. Билбей эле истерика боло бербечи тууганым
-1
BarsBaatyr
2018-08-25 19:57:15
Bazake,Айланайын Базаке, кайсы жерде эл менен түз жолукканын далил менен көрсөтүп берчи.Акташтын дагы чеги болот.Илгерки пахта койгон адамдар дагы деле ошол кылыгын кылып жүрүшөт.Жээнбеков президенттике чейин бардык тепкичтерди басып өткөн киши катары билет,чоңдор келээрде аймактарда кандай маскировкалар болоорун.Кайра эле ошол кайталоолор.Аймактарга барат.Аким,айыл өкмөттөр даярдаган жерлерди көрөт, ошолор даярдаган адамдар менен баарлашат.Аларың эмнени көрсөтүп,эмнени айтмак эле.
0
BarsBaatyr
2018-08-25 19:58:35
BarsBaatyr,Колдорун көкүрөгүнө коюп хоп-ляппайдан башканы айта алышпайт.
0
Azat.97
2018-08-24 20:55:57
Супер силерде мумкунчулук бар го.Сиздер да жардам берсениздер эжекеге.Ошол адамдардан дагы интервью алып.Коррупция менен баарыбыз чогуу курошсок жакшы болот эле.
+11
TalaCSKA
2018-08-24 21:22:02
Эмнеден коркушат бийлик ??? Мамэкотехинцпекиянын башчысы кылып койгулада Анара эжени эгерде чын эле коррупциядан кутулгусу келсе бийлик. обязательно гос охрана керек таза иштеген патриот инсаныбызга.
+9
Bazake
2018-08-24 22:33:39
TalaCSKA, Бийликтин корко турган нерсеси жок. Териштириш керек муну. Иш журуп жатса керек. Жээнбеков турганда коррупцияга каршы курош чындап аягына чейин чыгат
-4
CEO1
2018-08-24 22:43:42
Bazake, Соке бийликте турганда коррупция гулдойт. Илгери Атамбаев да коррупция менен курошуп жатамын деп элди алдаган, 4-5 саясатчыны камап алып. Бугун да Соке элли алдап жатат, калп эле курошумуш болуп...

Тигинде коррупционерлер кызматтарга келип жатат, Кочмондор оюнунда миллиондор эмитен уурдалып жатат, олкодо паракорчулук мурун кандай болсо ошол бойдон. Эч озгоруу жок...

Кыскасы, Соке Атамбаевдин коррупциялык кочун улантып жатат. Бул чындык!!!
+3
Erik2018
2018-08-25 10:01:48
CEO1,Курулай сөздүн эмне кереги бар. Бул жака жалган комментерди жазып көнүп калыпсынго. Абакта жаткан атакаминер эмне үчүн камалганын билесинби?? Коррупция менен эгер күрөш жүрбөсө жең ичинен акча менен иштерин жаап салмак.
+1
TalaCSKA
2018-08-24 23:53:29
Bazake, коробуз ! жалгыз эле Анара эже эмес Раим Миллион,жанагы 500 сомдон айып салынган апалар эмне болот экенин.бийлик бул жалгыз эле Жээнбеков эмес да чын чынына келгенде. Жээнбековтун командасын чоон сыноолор кутуп жатат. коррупция менен курошуп жатабыз дегени жон эле соз бойдон калабы же коррупционерлер чыныгы мыйзам чегинде катаал жазасын алабы.
+2
Bazake
2018-08-25 10:02:13
TalaCSKA, Президент таза, таза Адам Гана коррупцияга каршы курош жургузо алат. ИТ уро берет кербен журо берет. Ага президент
-3
Erik2018
2018-08-25 10:00:06
Bazake,Азыр коррупция менен күрөш катуу жүрүп жаткан чакта булар эмне болуп калыптыр. Кыргыздарга таң каласын иштеп жаткан адамды дагы көрө алышпайт. Билсе дагы билмексен болушат.
0
monster_high_98
2018-08-24 21:53:34
Абайланыз эми,атын аташына атап алып,эртен сизди бирнерсе кылып жиберишпесин,"аларга"эми соз жок!
+4
Erik2018
2018-08-24 22:25:01
Бул эженин айтып чыкканы деле бекеринен эмес чыгар. Эгер факт жүзүндө далилденип ачыкталса, тийиштүүлөргө кылмыш иши козголуп, мыйзам алдында жооп бериши керек.
+3
Karakash
2018-08-25 10:31:08
Ушул эженин ишин карап териштирип коррупционерлерди суракка чакырып, жумуш ордуна койсо мына туура эле шайланыптыр создон ишке отту деп ишенебиз президентке. Эгер коз жаздымда калып, каралбаса озу коррупция жолу менен келгенин дагы бир жолу далилдейт.
+1
Arstan
2018-08-25 14:50:39
Ушул кызды ошол маминспекцияга начальник кылып койсо баарын тазалайт эле.Президент ойлонуш керек.
0
Jelezo
2018-08-25 19:35:48
Жалал-Абаддагы экотехинспнкстясын башкарган күйө балаңыз ар бир айыл өкмөттүн,токой чарба,кен иштеткен ишкерлер баарына эки үч миң доллардан салык салып 6 жылдан бери элдин канын соруп бүттү алыңыз жетсе камабай эле кызматтан кетирсеңиз эң чоң корупционерден куткарат элениз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан