Кытай менен АКШ соода маселеси боюнча сүйлөшүү өткөрдү

Кытай менен АКШ өз ара соода маселесинде эки тараптуу ачык сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу кечээ, 25-августта Кытайдын Соода министрлигинин расмий сайтына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай чечимге токтолуу менен аяктаганы жазылган эмес. Учурда Вашингтондун басма сөз кызматы, Кытай тарап да бул тууралуу билдирүү тарата элек. Кытайдын Соода министрлигинин расмий сайты: "Соода маселеси боюнча сүйлөшүү өттү. Эки өлкө алдыңкы убакыттарда да өз ара байланышта болот", - деген кыскача маалымат жазуу менен чектелген.

Бээжиндин делегациясын баштап барган соода вице-министри Ван Шоу-вэнь АКШнын каржы министринин эл аралык иштер боюнча башчысынын орун басары Дэвид Мелпас менен эки күнгө созулган сүйлөшүү өткөргөн.

Ак Үйдүн басма сөз кызматы Кытай делегациясынын Вашингтонго жасаган иш сапарына куттуктоо гана билдирип койгон. Ал эми Кытайдын тышкы иштер министри тараптар орток пикирге келет деп үмүттөнгөн.

Соңку учурларда АКШ менен Кытай ортосундагы соода согушу күчөгөн. Анда АКШ Кытай мамлекетинен келген товарларга 25 пайыз бажы салыгын салган. Буга жооп иретинде Кытай да АКШдан алып келинген товарларга бажы салыгын жогорулаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tular
2018-08-26 23:33:10
Кытай ошол АКШны талкаласа экен!!! Эки олко тен Кыргызстанга кереги жок олколор! Озгочо Кытай эн коопту олко Кыргыз эли учун...
0
altyn7776
2018-08-27 08:35:31
tular,созундо маныз жок го...
0
Erik.kainashov.kg
2018-08-26 23:53:26
Соода экономикасы боюнча Америка Кытай экоо тен бири биринен коз каранды болсо керек. Экооно тен бирдей зыяны тийген оюмча. Эми суйлошуу жургузгонго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан