Америкалык сенатор Жон Маккейн каза болду

АКШда белгилүү сенатор Жон Маккейн 82 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал 2017-жылдан бери баш мээсиндеги шишиктен жабыркап келген. Ушул жылдын 24-августунда сенатор дарыланууну токтоткондугун анын үй-бүлөсү жарыялаган.

Жон Маккейн 6 жолу "Республикалык партиянын" атынан сенатор болуп шайланган. Жаш кезинде ал аскердик учкуч болгон.

Ал 1955-1975-жылдар аралыгындагы Вьетнам согушу кезинде туткунга түшүп, 5 жыл камакта болгон. 1973-жылы АКШ менен Вьетнам тынчтык келишимине кол койгон соң Жон Маккейн камактан бошотулуп, АКШга кайткан. 1981-жылы ал аскер кызматынан кетип, саясатка аралаша баштаган.

2008-жылы "Республикалык партиянын" атынан президенттик шайлоого катышып, бирок Барак Обамага жеңилип калган. Ал аталган партиянын мүчөсү болгонуна карабай, Дональд Трамптын саясатын ашкере сындап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Fortuna1987
2018-08-26 13:15:03
Жаткан жери жайлуу болсун, калган омурун кыргыздарга берсин.
-16
Tolkun555
2018-08-26 13:37:02
Fortuna1987,омуру калган болсо озу жашайт эле.
+7
gute
2018-08-26 16:02:24
Fortuna1987, Оюна келгенди эле жаза бересинби?
+3
TalaCSKA
2018-08-26 13:38:25
Жер жамандап барбасын бирок канча адамдын башын жуткан адам эле.
+12
futboler
2018-08-26 14:54:10
Миндеген бейкуноо адамдардын олумуно, качып тозуп жургонуно негизги куноокор, ошолордун убалы тиги дуйнодо да жон койбосун. Кудайым озу жазасын берсин.
+4
KAYRATBEK
2018-08-26 16:34:14
Ким кандай жашаганын убактылуу омурун кантип коротконун жараткан Алладан башка эч ким билбейт. Олум келбестен мурун омурдун кадырын бил. Деген Суйуктуу пайгамбарыбыз МУХАММЕД АЛЕЙХИС САЛАМ. Кандайгана керемет Хадис.
+5
ekaterinburg
2018-08-26 19:17:35
Далай вьетнамдын башын"жесе"керек...Орустарга санкция киргизген политиктердин сап башында турган киши.Бул кишини"ыргыта"тааныйм го))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан