ЖЫЛНААМА, 29-АВГУСТ: Поп-музыканын падышасы аталган Майкл Жексон көзү тирүү болгондо 60 жашка толмок

Америкалык ырчы, бийчи жана композитор, поп-музыканын падышасы Майкл Жексон 1958-жылы 29-августта Индиана штатынын Гэри шаарчасында музыканттардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Келечектеги поп-музыканын падышасы үй-бүлөдө жетинчи бала болгон. Анын атасы Жозеф Жексон балдарына өтө катаал мамиле кылып, кичинекей күнөөсү үчүн аларды басынтып турган. Апасы Кэтрин Винт балдарын "Библияны" окууга мажбурлап, аларды ар кандай чогулуштарга алып барчу.

1964-жылы бир туугандар "The Jacksons" тобун түзүшкөн. Бирок анда Майклдын улуу агалары гана ырдашчу эле. Кийинчерээк ырчы топтогу бэк-вокалисттин ордун басып, ар бир ырды бийи менен коштоп турган.

1980-жылдардын башында ырчы болуп көрбөгөндөй атактуулукка жетишкен. 8 айдын ичинде даяр болгон "Thriller" альбому азыркы күнгө чейин тарыхтагы эң көп сатылган альбом катары эсептелет. Дал ушул альбом жарык көргөндөн кийин ырчы Ак Үйгө Рональд Рейган менен жолугушууга чакырылган.

Майкл Жексон өзүнүн биринчи эл аралык турнесинде 123 концерти менен 15 мамлекетте болгон. Лондондо өткөн концерттеринин биринде "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген, анткени анын концертине жарым миллион адам келген.

1989-жылы актриса Элизабет Тейлор сыйлык тапшыруу аземинде Майкл Жексонду "поп, рок жана соул музыканын падышасы" деп атаган. Ушундан улам ырчынын артында поп-музыканын падышасы деген ат калган.

Жеке жашоосу:

Ырчы жашоосунда эки жолу үй-бүлө курган. Биринчи аялы рок-н-роллдун падышасы аталган Элвис Преслинин кызы Лиза Мария Пресли болгон.

Экөө чогуу 3 жыл гана түтүн булатышкан, ажырашкан соң эң жакын досторго айланган. Бул ажырашууну ырчы оор кабыл алып, анын айынан оорусу күч алган.

Андан соң Майкл Дебби Роу аттуу айымга баш кошуп кыздуу жана уулдуу болушкан. 1999-жылы жубайлар эки башка жолго түшкөн, балдары Майкл Жексондо калган. 2002-жылы ырчы карын эненин кызматын колдонуп, экинчи уулдуу болгон.

Майкл Жексонду өмүр бою коштоп жүргөн оорулар

Белгилүү ырчыны өмүр бою чанда кездешүүчү оорулар коштоп жүргөнүн көп күйөрмандары биле бербесе керек. 1993-жылы ырчынын дарыгери ал убакта чанда кездешүүчү витилиго (ала) оорусу менен жабыр тартарын айткан. Дал ушул илдеттен улам ырчынын терисинин түсү өзгөргөн жана бүткүл денесинин түсү карадан акка айланган, ал көпчүлүк ойлогондой бетине пластикалык операция жасаткан эмес. Ал бетинин түсү өзгөргөндөн улам гана мурдуна эки жолу пластикалык операция жасатканын анын дарыгерлери маалымдашкан.

Бирок 2009-жылдын башында ырчы теринин рак оорусу менен жабыр тартары массалык маалымат каражаттарына тараган. Мындан сырткары Майкл Жексон көп жылдан бери ооруну басаңдатуучу дарылардан көз каранды экенин анын жакындары билдиришкен. Ырчы байма-бай ооруканага жатып, ал жактан бетин хирургиялык бет кап менен жаап жана чоң көз айнек менен гана эл алдына чыгып жатканын, анын айыкпас илдетке кабылгандыгы тууралуу маалымат каражаттары тынбай кабарлап турушкан.

Чуулгандуу өлүм:

2009-жылдын 25-июнунда саат 14:26да дарыгерлер Майкл Жексондун көз жумгандыгы тууралуу маалымат беришкен. Бул маалымат дүйнө жүзүнө саналуу мүнөттөрдүн ичинде тез тараган.

Ырчынын өлүмүнө дарыларды ашыкча өлчөмдө колдонуу себеп болгон. Анын өлүмүнө шектелип, жеке дарыгери Конрад Мюррей кармалган. Кийин ал 4 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок жылдыздын күйөрмандары анын өлүмүнө бүгүнкү күнгө чейин ишенбей келишет. Анын себеби катары ырчы каза болгон күндөгү бир нече фактыларды келтирип, ар жылы туулган күнүнө жакын ага окшогон адамдардын сүрөттөрүн жүктөп, эл арасында чуу жаратышат.

29-августка карата жылнаама.

Майкл Жексон - "Smooth Criminal"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан