Жалал-Абаддагы Капиталдык курулуш башкармалыгы бюджетке ири көлөмдө зыян келтиргени аныкталды

Жалал-Абад облустук Капиталдык курулуш башкы башкармалыгы 1 миллион 500 миң сомдон ашык салыкты жашырып келген. Мындай маалыматты бүгүн, 27-августта SUPER.KG'ге Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, Капиталдык курулуш башкы башкармалыгы 2015-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин салык төлөгөн эмес.

"Бизге келип түшкөн маалыматтардын негизинде Каржы полициясы тарабынан аталган башкармалыктын ишмердүүлүгүнө салыктык текшерүү дайындалган. Анын негизинде салыктар жана төлөмдөр эсептелип, ал жерде мыйзам бузуу фактылары бар экени аныкталган. Облустук Капиталдык курулуш башкы башкармалыгынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында бюджетке 1 миллион 543 миң 880 сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген", - деп билдиришти Каржы полициясынан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин (чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды төлөөдөн качуусу) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда келтирилген зыянды мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан