Президент Сооронбай Жээнбеков коррупционерлердин атын ачык атагыла деп айткан. SUPER.KG порталынын "Президенттин бул чакырыгына ишенесизби же бул чакырык кайра эле бюрократиянын тосмосуна кептелеби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев жооп берди.
Анын айтымында, Жээнбеков мындан мурунку президенттер айта албаган сөздү айтып чыкты.
"Президенттин коррупционердин атын атагыла, чара көрөбүз деген сөзүн буга чейин колдоп келгем, мындан кийин да колдой берем. 4 президент тең айта албаган сөздү ушул Жээнбеков айтты. Ооба, мен буга чейин башка командада иштеп келсем да, ачыгын айтышым керек, бул жерде системдүү түрдө жең ичинен саботаж болуп жатат. Анын автору өкмөт. Ал элди да, президентти да алдап жатат. Жакында эле Экотехинспекцияда маалымат катчы болуп иштеген Анара Мамбеталиева коррупцияга айыптап мекемедеги жогорку кызматта иштеген 3 кишинин фамилиясын айтты. Эми ал жалгыз калды. Бул ишти болсо Коопсуздук кеңешине берип коюп отурушат. Андан сырткары "Кыргыз темир жолунун" башкармалыгында да ушундай абал болуп жатат.
Бул иштерди президент өз колуна алышы керек. Болбосо элдин кыжыры кайнап, президенттин аброю түшөт. Балким, биз билгенчелик коррупциялык иштер жөнүндө маалыматтар президентке жетпей жатат окшойт. Актуалдуу нерселер жөнүндө маалыматтар ага жетпей жаткандай. Ал эми өлкөдөгү 35 коррупционерди билем деген сөзүн президенттик шайлоо алдындагы эмоция деп баалаар элем. Бирок ошолордун 50-60 пайызын кармап берсе да жакшы болмок. Малайзия менен Армениянын премьер-министрлеринин коррупция менен күрөшүп жатканын көрүүдөбүз го", - деди Осмоналиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев, саясат таануучу Орозбек Молдалиев жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин пикири бул шилтемеде.