Президент Сооронбай Жээнбеков коррупционерлердин атын ачык атагыла деп айткан. SUPER.KG порталынын "Президенттин бул чакырыгына ишенесизби же бул чакырык кайра эле бюрократиянын тосмосуна кептелеби?" деген соболуна коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жооп берди.
Ал коррупцияга каршы күрөш аягы жок иш деген пикирде.
"Президенттин "коррупционерлердин аттарын ачык айткыла" дегени - туура талап. Анткени баары эле коррупция күчөп кетти деп, бирок ошол коррупциялык иштин чоо-жайын, кимдер анан кандайча катыштыгы бар экенин айтпаса болбойт да. Ошол эле Экотехинспекцияны алсаңар деле, "Кыргыз темир жолун" алсаңар деле ушундай көрүнүш. Ачык айтылган факты жок.
Коррупцияга каршы күрөш - бул аягы жок иш. Буга чейин деле күрөш болгон, мындан кийин деле ондогон жылдар күрөш жүрө берет. Бул иш өлкөнүн өнүгүшүн, элдин жашоосунун жакшырышын камсыз кылбайт. Азыр миң аткаминерди камамак турсун атып таштаса дагы элдин жашоосу мурдагыдай эле кала берет. Коррупциянын азайышы өнүгүүгө шарт гана түзөт. Ал эми өнүгүү үчүн экономикада реалдуу иштер аткарылып, жалпы элдин күнүмдүк жашоосун камсыз кылып жаткан багыттарда алгылыктуу жылыштар болушу зарыл. Азырынча өкмөт тарабынан жигердүү аракет байкала элек", - деди Каптагаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев жана саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири бул шилтемеде.