22-августта Кырчын жайлоосунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу учурунда жоголгон бүркүт табылды. Бул тууралуу мүнүшкөр Нурлан Молдакунов SUPER.KG порталына билдирди.
Молдакуновдун айтымында, анын Чабалекей аттуу бүркүтү 2 күндөн кийин табылган.
"Чабалекейди Кырчын жайлоосунан эле таптык. Мен салбуурун боюнча калыс болгондуктан, Чабалекейди башка мүнүшкөр таптап жаткан. Жоголуп кеткенден кийин 2 күн өтүп, мага бир байке "бүркүтүңөрдү таптык" деп телефон чалды. Чабалекей жоголгон жерден табылыптыр. Кубанып, тапкан байкеге сүйүнчүсүн бердик. Жоголуп, бир аз психологиялык жактан жабыр тарткандай. Кишилерден чочуп жатат. Жакынкы күндөрдө калыбына келип, Көчмөндөр оюндарына даяр болуп калат деген үмүттөбүз", - деп айтты Молдакунов.