Орусияда токойдо адашып кеткен пенсионер сары чаканын жардамы менен аман калды

Орусияда токойдо адашып кеткен 73 жаштагы пенсионер сары чаканын жардамы менен куткарылды. Бул тууралуу "Фонтанка" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 73 жаштагы Тамара Сергеевна Псков токоюна кирип, андан кийин адашып кеткен. Аны куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана ыктыярчылар 9 күн издешкен. Башкача айтканда пенсионер токойдо 197 саат жүргөн.

Бул убакыт бою ал чөп менен бутактардан өзүнө төшөнчү жасап, козукарын жеп жашап, куткарыларына ишенген. Ал эми анын жанында болгон сары чака куткаруучу болуп калды. Тагыраагы ал чаканын жардамы менен ал аны издеп жүргөн дронго сигнал берип, куткаруучулар аны табышкан.

Учурда пенсионер дарыгерлерге көрүнүп, өзүн жакшы сезип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан