Президент Сооронбай Жээнбеков коррупционерлердин атын ачык атагыла деп айткан. SUPER.KG порталынын "Президенттин бул чакырыгына ишенесизби же бул чакырык кайра эле бюрократиянын тосмосуна кептелеби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жооп берди.
Ал эл коррупция качан жоюлат деп күтүп жатканын айтты.
"Президенттин коррупция боюнча айткан чакырыгына баарыбыз ишенип, күтүп жатабыз. Эл дагы коррупциялык системдер жоюлабы деп күтүп жатат. Кеп коррупционерлердин жок болушунда эмес. Бир коррупционер жок болсо, ордуна экинчиси келип жатат. Ошондуктан коррупциялык системди жок кылыш керек.
Реформа жасоо зарыл. Адамдарды алмаштырып отуруп президент, өкмөт эч качан коррупцияны жоё албайт. Реформа жасап коррупциялык системдерге жолдорду жок кылуу шарт. Коррупционерлерди камап жок кыла албайт. Кытайда атып салып жатат. Анда деле жок болбойт. Ошон үчүн реформа жасап, коррупциялык системди жок кылыш керек. Аткаминерлер элден акча ала албай тургандай кылуу абзел.
Азыркы учурда коррупцияны жок кылуу эмес, коррупционерлер менен иш жүрүп жаткандай сезилүүдө. Камакка алуу иши жүрүп, реформалар жүрбөй жатат. Инвесторлор биздин сотторго ишенип келе тургандай болуш керек. Биздин соттор видео тартууга тыюу салып жатса, алар кантип ишенет", - деди Бокоев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жана саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири бул шилтемеде.