Эки күндөн бери Молдованын баш калаасы Кишинёв шаарында миңдеген адамдар өкмөткө каршы митингге чыгышууда. Алар премьер-министр Павел Филиптин отставкага кетүүсүн талап кылууда.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, митингге чыккандар өлкөдөгү мыйзамсыздык менен паракорчулук үчүн бийликти айыптап жатышат. Мындан сырткары Кишинёв шаарынын мэрин шайлоодогу БШКнын корутундусуна каршы чыгышып, “Платформа ар-намыс жана чындык” партиясынын атынан шайлоого катышып жеңишке жеткен Андрей Нэстасенин жеңишин таанууну бийлик жетекчилеринен талап кылууда.
Саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо министри Борис Гылка митингге чыккандар тарабынан жабыркагандар катталбаганын айтты.
Учурда нааразычылыкка чыккандар шаардын борбордук бөлүгүнө 20дан ашуун чатыр тигип, атайын лагер орнотушат. Ал эми бийлик нааразылык учурунда башаламандыкка жол берилбеши үчүн коопсуздук чараларын күчөтүүдө.
Ушул жылдын 3-июлунда Кишинёв шаарынын мэрин шайлоо болуп өткөн. Анда оппозициялык партиядан чыккан Андрей Нэстасе жеңишке жеткен. Бирок сот добуш берүү күнү үгүт жүргүзүлгөн деп шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ошондон кийин оппозиция калкты көчөгө чыгууга чакырып келген.