Баястан үйлөнүү тоюнда сүйүктүүсү менен 5 кабаттуу торт кесип, конокторго узатты (сүрөт)

Рэп аткаруучу Баястан менен бийчи Зульфиянын 27-августта өткөрүп жаткан заманбап тою аягына чыкты. Эки жаш үлпөт тоюн Балыкчы шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүп, ага экөөнүн ага-туугандары, достору жана шоу-бизнес өкүлдөрү күбө болушту.

Той ыр-бий менен коштолуп, түрдүү оюн-зооктор орун алды жана меймандар менен бийчилер ортосунда батлл болду. Келген коноктордун ак тилегин угушкан соң эки жаш 5 кабаттуу таттуу тортту кесип, аларга ооз тийгизди.

Түгөйлөрдүн жакшылыгында Эркин Рыскулбеков тамада болуп, орус жана кыргыз тилинде алып барды. Толук маалыматты "Супер-Инфо" гезитинин №826-санынан окуй аласыздар.

Айта кетсек, Баястан жубайы Зульфия менен 11-августта баш кошуп, аны өз үйүнө алып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mahabat84
2018-08-28 01:48:10
Эң башкысы түбөлүккө бактылуу өмүр сүрүшсүн❤
+3
jumaev0084
2018-08-28 03:49:16
ким эле бул Баястан
+4
senchi
2018-08-28 08:05:43
jumaev0084,футболисть
+5
fantastic_baby
2018-08-28 18:00:38
jumaev0084, Бийчи.
0
BTFB93
2018-08-28 08:51:36
Бактылуу болгула
-1
Alixan-Nookat.2015
2018-08-28 09:44:48
Балдызы красавица экен
-1
Fortuna1987
2018-08-28 17:15:53
Жаны уй було толукталды, бактылуу болушсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан