Япониянын учурдагы премьер-министри Синдзо Абэ Либерал-Демократтар партиясынын лидерлигине кайрадан талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, либерал-демократтар парламенттеги башкаруучу партия болгондуктан анын лидери болгон адам автоматтык түрдө Япониянын премьер-министри болот.
"Шайлоо 20-сентябрда өтөт. Ага 450 парламенттик жана 450 аймактык депутат катышат. Жеңип чыккан талапкер 2021-жылга чейин, башкача айтканда, 3 жыл бою башкаруучу партияны жана өкмөттү башкарат", - деп айтылат маалыматта.
Аталган шайлоого Япониянын мурунку коргоо министри Сигэру Исиба жана административдик иш жана коммуникация министри Сэйко Нода талапкерлигин көрсөткөн. Эксперттердин айтымында, Абэ кайрадан премьерликке шайлана алат. Себеби аны 70 пайыз партиялаштары колдойт. Эгер ал кайра өкмөт башына келсе, 2019-жылы аталган кызматта эң узак отурган япон саясатчысы катары тарыхта калат.
Синдзо Абэ алгач 2006-2007-жылдары премьер катары иштеп, 2012-жылдан бери Япония өкмөтүн башкарып келүүдө. 2017-жылы либерал-демократтар премьерликте тынымсыз иштөө мөөнөтүн 6 жылдан 9 жылга узартуу чечимин кабыл алышкан.
Японияда император формалдуу гана башкаруучу катары эсептелинет. Өлкөдөгү негизги ишти премьер-министр аткарат.