Маркум ырчы Гүлбү Ороскул кызынын ысымы өзүнүн туулуп-өскөн айылынын борбордук көчөсүнө ыйгарылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүндөгү көчөлөрдүн бирине маркум ырчы Гүлбү Ороскул кызынын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын айыл өкмөтү Нурмырза Абдраманов билдирди.

Маалыматка ылайык, ысымды ыйгаруу чечими ырчы каза болгондон кийин эле кабыл алынган.

"Ырчынын ысымы Авлетим айыл өкмөтүнүн Коргон айылынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылды. Бул көчө аркылуу төрт айылга унаа каттайт, башкача айтканда, айылдын борбордук көчөсү. Учурда маркумдун апасы жана инисинин жардамы аркылуу көчөгө шагыл төгүп, бир канча жерине жарыктар орнотулду. Бирок ырчынын аты-жөнү жазылган тактайчалар үйлөргө илине элек. Себеби жолдорду оңдоп бүтсөк, анан тактайча ар бир үйгө таратылып, куран окулуп, ачылышын кылабыз. Гүлбү кызыбыз кичинекей кезинде айылдагы бир булакка барып көп ойночу экен. Ошол жерди дагы өзүнчө корукка алып коёлу деп жатабыз", - деди айыл өкмөт башчы.

Ошондой эле Абдраманов ырчыга көзү тирүү кезинде аталган айылдын атынан "Ардактуу инсан" деген наам берилгенин кошумчалады.

Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылдын 6-октябрында 40 жашында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2018-08-28 12:31:09
Туура кылышыптыр эжебиздин жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
+3
fanatka19
2018-08-28 17:49:39
Арбагы ыраазы болсун жаткан жери жайлуу болсун.Олбой тируу журсо эмне, айла жок тура .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан