"Кытай чакан мамлекеттерге, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнө ири насыяларды берип колонияга айлантууда". Мындай маалыматты камтыган макаланы 17-августта британиялык The Sun жарыялады.
Макалага таянсак, Кытай начар өнүккөн өлкөлөрдө өзүнүн активдерин жана аскердик таасирин күчөтүш үчүн аларга ири көлөмдөгү насыяларды берүүдө. Мындай мамлекеттердин тизмесинде Кыргыз өлкөсү, Пакистан, Шри-Ланка, Жибути жана башкалар бар. Кыргыз Республикасы Кытайга 1,2 миллиард фунт (1,5 миллиард доллар) карыз.
“Кытай карыздан кутула албаган мамлекеттердин аймагында өзүнүн аскердик базаларын жайгаштырууга уруксат алыш үчүн жана айрым активдердин үстүнөн көзөмөл кылыш үчүн аларга басым кылган мисалдар бар.
Айрым эксперттер мындай көрүнүштү “карыз берип тузакка түшүрүү дипломатиясы” же “карыз багындыруусу” деп аташат. Анын маңызы төмөнкүдөй: Кытай карыздан кутула албаган өлкөлөргө кызыктыра турган насыяларды сунуштайт, андан соң бул өлкөлөрдө экономикалык көйгөйлөр башталганда өзүнө керектүү шарттарды талап кылат.
Мисалы, Кытайга 1 миллиард доллардан ашуун карызы бар Шри-Ланка өзүнүн аймагындагы портту (кемелер токтоп, жүк түшүрүп же жүк жүктөөчү, кемелерди ремонттоочу жай) кытайлык компанияларга 99 жылга берүүгө мажбур болгон.
Мындан тышкары Австралиянын түндүк-чыгыш тарабына жакын жайгашкан Вануату өлкөсү Кытайга 245 миллион доллардан ашуун каражат карыз. Быйыл апрель айында Кытай бул өлкөгө аскердик базаны ачууну сунуштаган. Австралия буга байланыштуу кооптонгонун билдирген.
Кытай тарап мындай насыя берүү ыкмаларын коргоо максатында карыздардан кутулууга күчү жеткен өлкөлөргө гана жардам берип жатканын айтууда", - деп жазылат макалада.