Telegram мессенжеринин администраторлору терроризмге шектелгендердин аты-жөнүн, номерлерин атайын кызматтарга берүүгө даяр. Бул тууралуу орус маалымат агенттиктери жазып чыкты.
Маалым болгондой, аталган мессенжердин колдонуучулары террордук иш-аракеттерге шектелсе, аларды Telegram`дын администраторлору укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берет. Бирок колдонуучунун аты-жөнүн, байланыш номерин берүүдөн мурда соттун чечими болушу керек. Тагыраагы, сот шек жараткан колдонуучу террордук иш-аракеттерди жасоого аракет кылган деген тыянак чыгарып берет.
Азырынча терроризмге шектелгендер каттала элек. Эгерде мындай фактылар катталса, Telegram мессенжери жарым жыл сайын маалымдап турары жазылат маалыматта.
Буга чейин Москванын Таган райондук соту Орусиянын көзөмөл комитетинин дооматын канааттандырып, Telegram тиркемесин Орусия аймагында аталган мессенжерди колдонууга чектөө боюнча арызын канааттандырган.