"Дональд Трамп коомчулуктун кескин сынынан кийин Жон Маккейндин каза болушуна карата билдирүү таратты", - деп бир катар чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ушул жылдын 25-август күнү АКШга зор эмгеги сиңген, Кошмо Штаттардын аскердик саясатынын мыкты адиси, Вьетнам согушунун ардагери, сенатор Жон Маккейн 82 жашында каза болгон.
Сенатордун каза болгондугуна байланыштуу көптөгөн дүйнөлүк саясатчылар жана белгилүү адамдар маркумдун жакындарына көңүл айтышты. Бирок Ак Үйдүн ушундай убакытта эч кандай пикир билдирбей, тынч турушу көптөгөн АКШнын жарандарынын наразычылыгын туудурган. Дональд Трамп өз дарегине айтылган сындардан улам сенатор каза болгондон 3 күн өткөн соң гана расмий билдирүү таратты. “Саясаттагы келишпестиктерге карабастан мен сенатор Жон Маккейндин өлкөгө өтөгөн ак кызматын урматтайм! Ошол кишиге болгон урматым үчүн Ак Үйдөгү тууларды төмөн түшүрүүгө буйрук беремин”, - деп билдирген ал расмий кайрылуусунда.
Жон Маккейн баш мээсиндеги рактан улам каза болгон. Ал 6 жолу "Республика" партиясынын атынан сенатор болуп шайланган. Дональд Трамп менен бир партияда болгонуна карабай анын саясатын ашкере сындап келген.