Германияда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын эстелиги орнотулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Германиянын Висбаден шаарында "Висбаден фестивалы" деп аталган иш-чаранын алкагында Режеп Тайип Эрдогандын бийиктиги 4 метрге жеткен эстелиги орнотулган. Аталган фестиваль искусство аркылуу чагымчылдык жасагандыгы менен белгилүү.
Айрым басылмалардын жазып чыкканына таянсак, айрымдар эстеликтин жанына келип Түркиянын желеги менен сүрөткө түшүп жатышса, кээ бирөөлөр ага уят сөздөрдү жазып сүрөт тартып кетишкен.
"Висбаден фестивалы" 23-августтан 2-сентябрга чейин өтөт. Бул жылы фестиваль "Жаман жаңылыктар" деген ураан менен өтүүдө.