КҮНСЕРЕП: "Газпром" убадасына турдубу? Жооп издөөчү маал келди

Бүгүн, 29-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

"Электр станциялары" ишканасы Бишкек ЖЭБине 24 миллион 640 миң сомго видеокамераларды сатып алмакчы. Тийиштүү жарыя Мамлекеттик сатып алуулар порталына илинди. Канча даана камера алынары айтылган жок.

Бишкектин жылуулук электр станциясынын бир бөлүгү 2017-жылы Кытайдан карызга алынган 386 миллион долларга жаӊыланып бүткөн. Тагыраагы, ишкананын 30 пайызы жаңыланган. Быйыл кышында ЖЭБдин эски бөлүгүндө авария болуп, анын шылтоосу менен ЖЭБди жаӊылоо ишиндеги күмөндүү жагдайлар калкып чыкты. ЖЭБди жаңылоо кантип жүргүзүлгөнүн иликтөө үчүн Жогорку Кеӊеште депутаттык комиссия түзүлүп, анын мүчөсү Акылбек Жамангулов станцияга 123 камера сатып алынганын, кадимки сатыкта 5-6 миң сом турган видеобайкоо жүргүзүүчү камералардын ар биринин баасы документтерде 14,5 миӊ доллар деп көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Жалпы бул ишке 1 миллион 700 миӊ доллар жумшалган дейт депутат. Ал эми Улуттук энергетикалык холдинг ЖЭБдеги камералар ар бири 300 доллардан сатып алынганын, аларды орнотууга 1 миллион доллардан ашык акча кеткенин жар салды. Кандай айтылса да, ЖЭБдин аймагына видеокөзөмөл системин орнотууга 2 миллион долларга жакын акча коротулганы факт. Ушул эле ЖЭБ дагы 24 миллион сомдук камераларга муктаж. Жарым жылдан бери ЖЭБдин жаӊыланган блогуна суу тазалап берүүчү химиялык цех курулбай турат. ЖЭБди жаӊылоодо курулбай калып кеткен химиялык цехти Абылгазиевдин өкмөтү быйыл июль айында куруп бүтөбүз деп жар салган эле. Бирок жакында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы курулуш долбоору даяр эмес болгону үчүн химцех өз убагында бүтпөй турганын, аны ушул жылы 1-октябрга карата куруп бүтүрүү каралып жатканын билдирди. Күндүн табы кайтып, сууктаган сайын жарандардын эсине кыш чилдеде 1 апта жылуулуксуз калган Бишкектин муз доору түшө баштады...

Токмок шаардык кеӊешиндеги КСДП партиясынан депутат Тынай Жансейитов айылдашын бычактап салды деп шектелип, изделүүдө. Жабырлануучу Талантбек Жамангулов окуя тууралуу ЖМКларга айтып чыккан соӊ Чүй облустук милициясы "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен кылмыш ишин ачты. Депутатка издөө жарыяланды.

Милиция бычактан жаракат алган адам депутат Жансейитовдун үстүнөн арыз жазуудан баш тартып жатканын билдирди. Жабырлануучу менен шектүүнү "кылмыштуу топтун мүчөлөрү, ич ара териштирүүдөн улам ушундай иш чыкты" деп мүнөздөгөндөр да болууда. ИИМ бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Териштирүү бүтө электе Токмок шаардык кеӊешиндеги КСДП фракциясынын лидери Максат Жоошбеков кесиптеши Жансейитовду калкалап, күнөөнү жабырлануучунун өзүнө оодарууга аракет кылды. Ал жабырлануучу Жамангуловду "беспредельщик" атап, 2017-жылы президенттик шайлоо маалында бул адам Жансейитовдун үйүнө чейин барып коркутуп жүргөнүн айтат. Мыйзамды аттап өтүп, өз алдынча жазалоого жарандар эки учурда барат: укук коргоо, сот органдарынан адилеттүүлүк таппай, ишеними жоголгондо же кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрү болсо. Андыктан ким "беспредельщик", ким тартиптүү экенин тергөө, сот аныкташы зарыл...

Өлкөдө азыркы тапта 633 бала ВИЧ илдети менен жашайт. "Позитивдүү жаштар" коомдук фондунун директору Айнура Усманованын маалыматына таянсак, булардын 500гө жакыны Ош аймагында жашайт жана алардын көбү ВИЧ илдетине дарыгерлердин шалаакылыгынан улам туш болушкан.

2007-жылы Ноокат аймактык ооруканасынын дарыгерлери ымыркайларга ВИЧ илдетин жуктуруп алышкан. Бул боюнча 14 дарыгерге кылмыш иши ачылып, алардын алтоо акталса, калганы ар түрдүү жазаларды алышкан. Балдарына ВИЧ жуккан энелер күнөөлүү дарыгерлер өз жазасын албай, тескерисинче, кызматтан көтөрүлүп жатканын айтып митингдерге да чыгып жүрүшкөн. Бирок аларга өкмөттөн оӊдуу жооп болгон эмес. Андагы ымыркайлар азыр мектеп курагындагы өспүрүмдөр.

2011-жылы өлкөдө жалпы ВИЧ инфекциясы менен катталган 3700 адам болсо, азыркы тапта 7 жарым миӊдей адам каттоодо турат. 7 жылда бул илдетти жуктуруп алгандардын саны эки эсе өстү. Негизи ооруну дарылоо эмес, анын алдын алуу оӊой. Элдин социалдык абалы жакшырып, экономика көтөрүлсө өлкөдө ВИЧти баш аламан жуктуруп алгандардын саны азаймак. Ал эми саламаттыкты сактоо системинде иштегендердин шалаакылык кылып бейтаптарга ВИЧ жуктуруусу жөнүндө дегеле сөз болбошу керек...

Кара-Кулжада күйдүргү дартынан улам ооруканага жаткырылган 12 жаран үйлөрүнө чыгарылды. Алардын баары күйдүргүнү уйдун этин тамак-ашка колдонууда жуктуруп алышкан. Жакында эле Жалал-Абадда да 9 адам күйдүргү жуктуруп алды деп ооруканага жаткырылган. Илдетти минтип массалык түрдө жуктуруп алуунун катталышы чет өлкөлөргө, өзгөчө коңшу өлкөлөргө эт-сүт, жашылча жемиш экспорттоодо терс таасирин тийгизери баштан өткөн. Өлкөдө шарп илдети катталганда Кыргыздын ЕАЭБдеги өнөктөшү Казакстан чек арасын жаап, эт-сүт азыктарын киргизүүгө тыюу салган. 2017-жылы Нарында 3 адам күйдүргү жугузуп алганы тууралуу кабар ЖМКларга тараган соӊ Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо кызматы дароо бул тууралуу орусиялыктарга эскертүү жасаган. Көрүнүп тургандай, Кыргыз өлкөсү өзүнүн эпизоотикалык абалын оӊдобосо, негизги соода өнөктөшү Казакстан же Орусия каалаган күнү чек арасы менен базарын Кыргыздын азык-түлүгүнө жаап, анын азабын дыйкан менен фермер тартары турган иш...

Мамлекеттик "Кыргызгаз" ишканасынын орусиялык "Газпромго" өткөрүп берилгенине 5 жыл болду. Орусиялык компания "Кыргызгазды" сатып алуудагы инвестициялык талап-шарттарды аткардыбы?

"Кыргызгазды" Орусиялык "Газпромго" сатуу маселеси 2012-жылы чечилген. 2013-жылы өкмөттөр аралык макулдашууну Жогорку Кеңеш ратификациялап, 2014-жылы апрелде инвестициялык келишимге "Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев менен "Газпромдун" башкаруучу кеңешинин төрагасы Алексей Миллер кол коюшкан. Муну менен "Кыргызгаз" имараттары, газ куурлары, түтүктөрү өңдүү бүткүл активдери жана карыздары менен кошо "Газпромго" шарттуу түрдө 1 долларга сатылган. "Газпром" Кыргыз өлкөсүн үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылууну, Кыргыз мамлекетинин газ берүү системинде оңдоп-түзөө иштерин жасоону, 5 жылдын ичинде өлкөнүн газ тармагына 20 миллиард рубль инвестиция салуу милдетин алган. Ошондой эле "Кыргызгаздын" бардык карызын жабуу да "Газпромдун" моюнуна жүктөлгөн.

5 жыл өттү, "Газпром" менен Кыргыз өкмөтү "Кыргызгазды" сатуудагы убадалар кантип аткарылганын санап бере турган убакыт келип жетти. Азырынча өкмөт да, орусиялык компания да отчёт берүүгө ашыкпай турат.

SUPER.KG порталы өлкөнүн стратегиялык тармагын башка өлкөгө толугу менен өткөрүп берип салуу чечими туура болуптурбу деген суроо менен саясатчыларга, эксперттерге кайрылды. Көпчүлүгүнүн жообу "туура эмес кылганбыз" деген жыйынтыкка такалууда. Өлкөнүн ири стратегиялык тармагын башка бир өлкөгө толугу менен карматып коюу менен Кыргыз өлкөсү өзүн тузакка салып берди. Бул тузак кокус Кыргыз-Орусия мамилеси бузулса муунтуп баштайт. "Бул көз карандылыкка келгенден көрө ошол оор учурда башка да жолдорду издесек болмок", - дешет эксперттер. Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Өмүрбек Абдрахманов "Газпром" убадасын аткарбайт, анткени бизде аны аткарта турган, көзөмөлдөй турган рычаг жок дейт. Ал эми энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев "Кыргызгаз" ал ишканадагы коррупцияны жаап-жашыруу үчүн сатылып кеткен дейт.

"Кыргызгаз" сатылар алдында карызы 88 миллион сом экендиги айтылган. Бул карыз жабылдыбы? Убадаланган 20 миллиард рублдук инвестициянын канчасы өлкөгө келди, кайсы иштер бүттү? Мына ушундай суроолорго жооп талап кылуучу маал келди.

Бул келишимдин оң тарабы да болбой койгон жок. Кыргызды "Газпром" көгүлтүр от менен камсыздай баштагандан бери газ берүү үзгүлтүккө учурай элек. Ал эми кыштын суугунда Ош шаары көгүлтүр отсуз кандай абалда калганы элдин эсинде. Андыктан бул үзгүлтүксүздүк үчүн Атамбаевге рахмат айтууга болот. Инвестициялык келишимдин аткарылышын талап кылуу болсо учурдагы бийликтин милдетинде...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан