Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов: "Орусия "Кыргызгазды" алууда бизге берген убудаларын аткарган жок"

2015-жылы "Газпром" компаниясы 5 жылга инвестициялык келишим менен Кыргыздын бүткүл газ инфраструктурасын алды эле. SUPER.KG порталы "Келишим талаптары аткарылдыбы? "Кыргызгазды" бекер карматып салуу чечими туура болдубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов жооп берди.

Ал Орусия ооз толтуруп убада бергени менен, иш жүзүндө аларды аткара албаганын айтты.

"Кыргызгаздын" Орусияга өтүшүнө мен башында эле каршы болуп келгем. Себеби эркин мамлекет болгондон кийин мынчалык чоң көз карандылыкка барбоо керек эле. Анткени мындай энергетикалык көз карандылык акыры келип моюнуңа сыйыртмак катары илинип калат. Мисалы, кезинде Украина менен Орусия дос болчу, кийин эки өлкөнүн мамилеси бузулган соң Орусия газ берүүнү токтотуп салган. Бир жыл бою украиналыктар газы жок отуруп калган. Ошон үчүн мамлекеттик стратегиялык маселени бир өлкөгө байлап берген туура эмес. Эгер жаныбыздагы коңшубуз болгон Өзбекстандан газ ала албасак анда биз эмнеге эркин мамлекет болуп жүрөбүз. Орусия деле газды Өзбекстандан алып жатат. Керек болсо мурдагы баадан жогору өз үстөгү менен сатып жатат.

Ал эми 5 жыл мурунку убадалары тууралуу айтсам, жигиттер деле үйлөнөрдө кызга көптөгөн убада берет. Орусия деле ушундай кылган. Азыр убадасы аткарылган жок. Анткени бизде аларга таасир бере турган, аны көзөмөлдөй турган рычак жок. Газды жана нефти продуктуларыбыздын баарын 100 пайыз Орусиянын карамагына өткөрүп бергенибиз туура эмес болгон. Эгер биз Украинадай же Грузиядай болуп демократиялык жолго түшөбүз десек, анда бизди Орусия экономикалык жактан муунтуп коёт. Анткени Орусия өзүнүн таасириндеги өлкөлөрдү демократияга өтүүсүнө жол бербейт", - деди Абдрахманов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Ирина Карамушкина, коомдук ишмер Эдил Байсалов, экономика маселелери боюнча эксперт Эмил Үмөталиев жана энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан