Владимир Путин Орусияда эркектер менен аялдар канча жаштан пенсияга чыгышы керектигин айтты

Орусияда эркектер 65 жаштан, аялдар 60 жаштан пенсияга чыгышы керек. Мындай пикирин президент Владимир Путин 29-августта пенсиялык реформага байланыштуу телекайрылуусунда айтты.

Ал өкмөттүн аялдар 63 жаштан пенсияга чыгышы керек деген сунушуна каршы пикир билдирди.

"Аялдардын пенсия курагын 63 жашка узартуу туура эмес. Эркектердин да аялдардын да пенсияга чыгышына укук берүүчү эмгек стажынын чегин 3 жылга кыскартуу керек. Ким эрте иштеп баштаган болсо ал жашы жеткенде эле эмес, эмгек стажы жеткенде эле пенсияга чыкса болот", - деди Путин.

Ошондой эле ал шахтёрлорго, химиялык заводдо иштегендерге жана башка ден соолугуна зыяндуу тармакта эмгектенгендерге жеңилдетүүлөр каралганын белгиледи.

Учурда Орусияда эркектер 45 жылдык, ал эми аялдар 40 жылдык эмгек стажына ээ болсо пенсияга чыгууга укуктуу. Ал эми эмгек стажы жок аялдар 55, эркектер 60 жаштан пенсияга чыга алышат. Пенсиянын орточо көлөмү 14 миң 414 рубль.

Орусиянын өкмөтү пенсия курагын аялдар үчүн 63 жашка, эркектер үчүн 65 жашка жогорулатууну сунуштоодо. Аталган реформа этап менен ишке ашырылып, 2019-жылдан башталмакчы. Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу 2028-жылга чейин, ал эми эркектердики 2034-жылга чейин ишке ашырылат. Бул демилгеге каршы Орусияда нааразычылык акциялары өтүп келүүдө.







РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2018-08-29 18:01:49
Орустун эркектери 65 араң чыгат пенсия албай калышат экенда.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан