Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен жарым жыл ичинде калкты коргоо үчүн 3 миллион сомдон ашуун акча жумшалган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы 2-июлда билдирди. Маалыматка ылайык, жөлөк пул үчүн 2 миллион 175 000 сом бөлүнсө, акчалай компенсация жана жеңилдиктер үчүн 792 000 сом жана социалдык камсыздоо тармагында иштегендер үчүн 117 000 сом бөлүнгөн. Ошондой эле министрлик жатак-мектептерди камсыздоо үчүн 94 900 сом бөлсө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Медициналык-социалдык экспертиза борборуна жана Реабилитация борборуна 16 500 сом бөлгөн.