Депутат Кожобек Рыспаев КСДП партиясынын катарынан чыгарылды. Депутаттын жообу

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев КСДП партиясынын тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу партиянын тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка караганда, бүгүн, 29-августта болгон партиянын саясий кеңешинин жыйынтыгында Кожобек Рыспаевди партиянын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынган.

Тизмеден чыгаруу чечимине анын партиянын максатына каршы иш-аракеттери себеп болгон. Ошондой эле парламенттеги КСДП фракциясына Рыспаевди Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан, тиешелүү убактылуу комиссиялардан, жумушчу топтордон, туруктуу делегациялардан, достук топтордон чакыртып алуу сунушталды.

Депутат Кожобек Рыспаев өзүнүн партиядан чыгарылганы боюнча SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Мен акты ак, көктү көк деп айтам. Баарын эл көрүп турат. Коррупциялык иштер болуп жатканын мен кантип айтпай коё алам. Партиянын ою боюнча мен унчукпай отурушум керекпи? Менин партиядан чыгарылганыма аларды колдобой койгонум эле себеп болду деп ойлойм. Саясий кеңештин тизмеден чыгарууга укугу бар экен, чыгара берсин", - деди Рыспаев.

Депутат Кожобек Рыспаев КСДПнын тизмесинен чыгарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан