Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралар

31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаардык мэриясы бир катар маданий иш-чараларды өткөрөт. Иш-чаралардын тизмеси:

"Ала-Тоо" аянтында

10:00дөн 12:00гө чейин кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан театралдаштырылган иш-чара орун алат.

19:00дөн 22:00гө чейин белгилүү ырчылар шаар тургундарына жана меймандарына концерт тартуулайт.

Эмен паркында
11:00дөн 13:00гө чейин Эмен паркында спорттук иш-чаралар (дзюдо, таэквондо, кыргыз күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, каратэ, ордо, тогуз коргоол, шахмат оюну, көркөм гимнастика, футбол, триатлон, оор жана жеңил атлетика, веложарыш, стол тенниси) болот.

15:00дө Дайыр Асанов атындагы паркта майрамдык концерт жана ар кандай багыттагы мастер-класстар өтөт.

17:00дө Юлиус Фучик паркында мастер-класстар: кагаз менен кол өнөрчүлүк жасоо, кийиз менен сувенирлерди жасоо, сайма саюу жана спорттун түрлөрү көрсөтүлөт.

Ошондой эле муниципалитет борбор калаадагы эски аянтта, Бишкек шаарындагы төрт райондо жана кичи райондордо, жаңы конуштарда маданий, көңүл ачуучу иш-чараларды уюштурат.
31-августтагы иш-чараларга байланыштуу коомдук транспорт түнкү саат 1:00гө чейин каттайт. Ал эми коомдук тартипти Бишкек ШИИББинин кызматкерлери камсыздайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан