Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго таандык жол тандабастын тонировкаcы сыйрылды

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго таандык жол тандабастын тонировкалары сыйрылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын кызматкерлери Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаанын каптал жана маңдайкы терезесиндеги тонировкаларды сыйрып, айдоочусу Арслан Кутешовго айып салган.

"Мен кызматтык унаадан баш тарткам, ал менин менчик унаам. Айдоочуну мыкты адис катары сунушташкан. Унаанын арткы терезелери караңгылатылганын билем, бирок алдыңкы терезелерин байкаган эмесмин", - дейт мэр.

Айта кетсек, өлкөдө унаанын алдыңкы каптал терезелерин жана алдыңкы терезесин караңгылатууга тыюу салынган. Унаасынын терезелерин караңгылатып жүрүүгө президентке, премьер-министрге жана Жогорку Соттун төрайымына гана уруксат берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Erik2018
2018-08-30 17:00:45
Мэр мыйзамга без ийип туура кадамга барыптыр. Сыйрыбаса дагы айтып чыгат эленер.
-9
tnz
2018-08-30 17:01:17
Эмне болсо ал учун айдоочусу жооп берет.
+2
bond02
2018-08-30 17:21:27
Машинага отурганда арткы терезени карап кетет окшойт бул.
+9
General.kg
2018-08-30 17:45:59
Аа байкушум паампарасат жок экенда
+20
chyngyz1988
2018-08-30 17:47:00
Акчанын кобунон козун май басып, алдынкы терезенин тонировкасын корбой калган турбайбы. Жанындагы терезени корбосо, алыстагы ишти такыр эле корбойт го. Окулистке барып коздун майын алдыртып салыш керек го. Антпесе кийинкисинде башка машинага отуруп албасын.
+12
Jigitchem
2018-08-30 17:56:10
Айдоочуну сунушташкан деп коет ал айдоочу мен билгени коп жылдан бери ээ иштеп келет мен жакшы тааныйм да бул кишилерди. Мен да кол алдында иштегем ишенбейм мэр болуп жакшы иш алып бараарына кыргызча дагы уйронуптур такыр билчу эмес
+6
Jigitchem
2018-08-30 17:57:15
Айдоочусу жакшы бала карапайым
-3
Jigitchem
2018-08-30 17:58:18
Мунун унаасы коп бут эле карангылатылган айнектети алды арты дебей
+5
Muratmipa
2018-08-30 18:16:12
Жонокой адам мэр боло албайт биринчиден
-1
Abdizhapar
2018-08-30 20:20:11
Бул аркасын карап отурат окшойт да
+8
Tolkun555
2018-08-30 20:21:51
Кыргыз тилинен экзамен тапшырып откондор куудул болот.ото албагандар МЭР болот..Р.Разыков.
+13
almanbetperm
2018-08-31 00:12:12
Бул мэрибиз машинанын айнегин карангылатылганын сезбептир, шаарга кызмат кылыш керек дегенди сезет бекен.
+8
anonymous
2018-08-31 01:35:41
Бул киши деле Жолдошбаевке окшоп Шаардын кебетесин көргөндөн уялып караңгылатып алса керек.
+4
Sagyn.91
2018-08-31 03:17:59
Асмандан тушуптурбу бул!
+1
Bolotbek1991
2018-08-31 06:39:17
Уже башталды анын устунонда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан