Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Япония өлкөсү менен Бириккен Улуттар уюмунун колдоосу аркылуу Ниссан Пикап үлгүсүндөгү 22 унаа жана авариялык-куткаруу жабдуулары берилди. Расмий тапшыруу аземи 30-август күнү өкмөт үйүнүн алдында өттү. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, Япония өлкөсүнүн Кыргыз жериндеги элчиси Ёсихиро Ямамура, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело катышты.
Маалым болгондой, министрликке берилген 22 унаанын жалпы баасы 793 миң 184 долларды түзөт. Унаалар министрликтин Бишкек, Ош жана аймактардагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилет. Унаалар аймактарда өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыр тарткандарга өз убагында натыйжалуу жардам көрсөтүүгө багытталат.