Чүйдүн Комсомол айылында "Талаа күнү" аттуу семинар болуп өттү

1-июлда Чүй облусунун Комсомол айылында “Талаа күнү” деп аталган семинар болуп өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүчү “Айыл чарбаны каржылоо” долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Семинардын жүрүшүндө лизингдик шартта алууга мүмкүн болгон жаңы айыл чарба техникалардын ишин демонстрациялоо болуп өттү. Окутууга катышкан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жаңы муундагы айыл чарба техникаларын демонстрациялаган мындай семинарлар өлкөнүн фермерлери үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан