Жайкы Азия оюндарында 2 медаль утуп мекенибизге келген Дарья Маслова: "Жигитим менен 4 жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Колумду сураса "ооба" дейм"

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча 2 медалды утуп алган жөө күлүк Дарья Маслова мекенибизге кайтып келет. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан күйөрмандары, жакындары жакшы маанайда, кубануу менен тосуп алуу үчүн күтүп жатышат.

Жөө күлүк машыктыруучусу Татьяна Борисова менен бирге келери күтүлүүдө. Ал аталган мелдеште адегенде 10 чакырымдык жарышта алтын медаль тагынса, кийин 5 чакырым аралыктагы жарышта күмүш медалга ээ болгон.

Маслова 10 миң метр аралыкты 32 мүнөт 7,23 секундда, 5 чакырым аралыкты 15 мүнөт 30,57 секундда чуркап өткөн.

13:50. "Мен Дашадан мындай жыйынтыкты күткөм. Ал 2 аралыктагы жарышта тең мыкты даярдыкта болчу. Даша жалгыз 2 аралыкта жарышка катышты. Башка спортчулар 1 эле жарыштарга катышып, ушуга гана даярданышкан", - деди машыктыруучу Виктор Борисов.

13:55. "Мен Дарьянын ийгилигин көрүп, көзүмө жаш алып, ыйлап кубандым. Кызым - менин гана сыймыгым эмес, Кыргыздын дагы сыймыгы. Кыргыздагы спортчулар, өзгөчө жаш спортчулар андан үлгү алса дейм. Азыр кубануу, толкундануу менен күтүп жатам. Кызым кичинекей кезинен баштап спортко кызыгып жүрчү. Кичинекей кезинен баштап эле мага жардам берип чоңойду. 1-класста гимнастикага катышкан. Бирок спорттун бул түрү жакпай калып, кийинчерээк жеңил атлетикага өткөн.

Биз өтө деле бай жашаган үй-бүлөлөрдөн эмеспиз. Эгер өкмөт турак жай менен камсыздаса, албетте, кубанмакпыз. Бул Дарья үчүн мындан ары да стимул болмок жана аракетин улантмак. Бардык спортчуларга ийгиликтерге жетишин каалайм жана жеңиш менен келишине тилектешмин", - деди спортчунун апасы.

13:59. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси: "Негизи эле турак жай маселеси өтө татаал. Көп алдыңкы спортчуларда бул маселе жаратып келе жатат, Маслованы да үй менен камсыздоо маселеси каралган. Жөө күлүк кызга Жеңил атлетика федерациянын атынан да 1 миллион сыйлык берилет. Жайкы Азия оюндарына барып, ийгилик жараткан бардык спортчуларга өкмөт тарабынан сыйлыктар берилет. Муну мелдештин аягында ким канча алат айтабыз. Ошондо Маслованын да маселеси чечилип калат деп үмүт кылабыз", - деди Канат Аманкулов.

14:14. Дарья Маслова кайтып келди. Жакындары, спортчулар, күйөрмандары жана журналисттер тосуп алды. Адегенде нан ооз тийгизип, андан кийин куттуктап гүлдестелер сунулду.

14:19. Дарья Маслова: "Мен жеңишим үчүн адегенде эле машыктыруучуларыма ыраазымын, алар болбосо жеңиш кайдан болмок? Андыктан аларга ден соолук каалайм. Анан, албетте, менин аракетим, жеңишим Кыргыз элине арналат. Жеңил жеңиш болбойт, жеңишке жетиш үчүн абдан оор машыгуулардан өттүк. 2-медаль болуп калганына менин чарчаганым себеп болуп калды. 5 миң метр аралыкта мен жана индиялык күлүктөн башкалар сергек болчу".

14:25. Дарья Маслова: "Жигитим менен 4 жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Менин колумду сураса мен "ооба" деп айтам. 10 күндөн кийин Беларуста мелдештер өтөт, мен эс албай эле мелдешке даярданам. Алдыдагы максаттар тууралуу айтсам олимпиадага барам. Мен жарыштарга, жарышууга даярмын".

14:29. Аэропорттун сыртында Дарья Маслованын күйөрмандары плакат, гүл менен тосуп алышты.

14:31. Жайкы Азия оюндарында 2 медалды утуп мекенибизге келген Дарья Маслова аэропорттун сыртында күтүп турган күйөрмандары менен сүрөткө түшүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aibars
2018-08-31 13:58:13
Азаматсын Чемпион кыз, Кыргызымдын сыймыгы.
+15
ninja82
2018-08-31 14:13:10
азаматсын,ийгилик!
+7
nelya88
2018-08-31 14:17:30
Куттуктайбыз! Рахмат,сага Дарья!
+10
tulpar90
2018-08-31 14:42:54
Бактылуу болгула.
+7
Abish99
2018-08-31 14:50:43
Ийгиликтер коштосун
+7
beka666
2018-08-31 16:34:34
Ий Сары кыз десе молодец
+4
Bekovich76
2018-08-31 17:04:06
Ананайын кучугум сулуу экенсинго
+2
bekmaral
2018-08-31 17:12:09
Мына патриотка женишин кыргыз элине арнайм деп атат.бабанчик болсо кыргызстанда туруп озбек калкым деп айтат.Ушул кыздан уйрон элге кайрылганды.
+7
nurka_85
2018-08-31 17:59:03
Азаматсын алтын кыз!!!
Башындагы баш кийимин коруп аябай сыйлап калдым.
Ийгилик дайым коштоп журсун!!!
+1
tular
2018-08-31 22:42:52
Азамат Даша
0
kama_future_millioner
2018-08-31 23:33:01
Азаматсың Даша
0
Ayzada_asanakunova
2018-09-01 01:57:25
Азаматсыз!
0
talas0707
2018-09-02 11:32:32
Азамат сары кыз. Чондорго караганда булар 100 эсе жогору.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан