25-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча 10 миң метр аралыктагы жарыш орун алды.
Бул мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Дарья Маслова катышып, 8 спортчу менен күч сынашты. Дарья Маслова 10 миң метр аралыкты 32 мүнөт 7,23 секундда чуркап өтүп 1-орунду ээледи. 2-орунду бахрейндик Унсе Чумба ээлесе, 3-орунда кытайлык Дешунг Жанг келди.
Муну менен Дарья Маслова алтын медалдын ээси аталып, Кыргыздын капчыгына 2-алтын медалды алып келди.
Буга чейин Кыргыз капчыгына алтын медалды жиу-житсу боюнча мелдеште Төрөкан Багынбай уулу алып келген. Күмүш медалдарды Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков жана Акжол Махмудов тагынган. Коло медалдардын ээлери Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Иззат Артыков болгон.