Бүгүн, 31-августта Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында алтын жана күмүш медалдарды утуп алган Дарья Маслова жана анын жеке машыктыруучусу Татьяна Борисова мекенибизге кайтып келди.
Машыктыруучу Татьяна Борисова Дарья Маслованын мелдешке болгон даярдыгы тууралуу жана анын 2-медалы эмне үчүн алтын эмес, күмүш болуп калгандыгынын себебин SUPER.KG порталына айтып берди.
"Азия оюндарына көптөн бери даярданып жүргөнбүз, 2 жылга жакын убакыт болуп калды. Дарья эл аралык көп жарыштарга катышып, жакшы жыйынтыктарга жетишти. Азия оюндарынын алкагында өтүүчү аталган жарышка Дарья менен бирге Кения, Эфиопиядан келген легионерлер катыша турганы белгилүү болгон. Ага карабай биз Дарьянын Азия оюндарында алтын медалга ээ боло турганын сезгенбиз", - дейт ал.
Ошондой эле Борисова 5 миң метр аралыктагы жарышта Дарья Маслова чарчап калып, алтын медалга илинбей калганын айтты.
"5 миң метр аралыктагы жарышта Дарья күмүш медалды алып калды. Ал 10 миң метр аралыктагы жарыштан кийин чарчап, 2 күн эле эс алып калды. Бул абдан аз, анткени Индонезияда аба нымдуу. Биз Дарьянын кубатын калыбына келтиргенге аракет кылдык, бирок толук, мыкты калыбына келтире албай калдык", - деп айтты машыктыруучу.
Эске салсак, Дарья Маслова 10 чакырымдык жарышта алтын медаль тагынса, кийин 5 чакырым аралыктагы жарышта күмүш медалга ээ болгон.